«Бай-Түшүм» Банкы KwikPay акча которуу системасын ишке киргизди
15.09.2026
«Бай-Түшүм» Банкы кардарлар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү максатында KwikPay эл аралык акча которуу системасы аркылуу акча которууларды тейлөөнү ишке киргизди.
Эми Банктын кардарлары Россиядан, Армениядан, Өзбекстандан жана Казакстандан жөнөтүлгөн акча которууларды «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнөн ала алышат.
KwikPay аркылуу акча которууну кантип алууга болот?
Акча которууну алуу үчүн:
- Жеке инсандыгын ырастоочу документ менен «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнө кайрылуу;
- Акча которуунун кодун көрсөтүү;
- Алуучу сумманы билдирүү;
- Акча каражатын накталай түрдө алуу зарыл.
Акча которууну алуучудан комиссия алынбайт.
Акча которуулардын валютасы
Учурда KwikPay аркылуу акча которууларды жөнөтүү жана төлөп берүү россиялык рубль менен жүргүзүлөт.
Ошондой эле акча которууну жөнөтүүгө болот
KwikPay аркылуу акча которууну «Бай-Түшүм» Банкынын бөлүмдөрүнөн жөнөтүүгө болот.
Бул үчүн адиске төмөнкү маалыматтарды берүү зарыл:
- жөнөтүлө турган өлкө жана шаар;
- алуучунун аты-жөнү;
- которуунун суммасы.
Которууну жөнөткөндөн кийин жөнөтүүчү которуунун суммасын жана жөнөтүү үчүн комиссияны кассага төлөйт. Андан соң которуунун номерин жана суммасын алуучуга билдирет.
KwikPay — «Бай-Түшүм» Банкы менен акча которууларды жөнөтүүнүн жана алуунун ыңгайлуу жолу.

