Бай-Тушум Банк «БЭСТ» акча которуу системасына кошулду
06.03.2026
Бай-Тушум Банк өз кардарлары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү улантып, «БЭСТ» төлөм системасына кошулганын маалымдайт. Эми банктын кардарлары жаңы ылдам жана ишенимдүү канал аркылуу акча которууларды ала алышат.
«БЭСТ» төлөм системасы чет өлкөдөн, анын ичинде Россиядан жана КМШ өлкөлөрүнөн акча которууларды ыңгайлуу алууга мүмкүнчүлүк берет. Акча каражаттары дээрлик заматта келип түшөт жана жөнөтүлгөндөн кийин дароо алууга жеткиликтүү болот.
«БЭСТ» системасынын артыкчылыктары:
-
⚡ Ыкчамдык — акча жөнөтүлгөндөн кийин дароо алууга болот.
-
📍 Кеңири тармак — акча которууну Бай-Тушум Банкынын Кыргызстан боюнча каалаган филиалынан алууга мүмкүн.
-
🔒 Ишенимдүүлүк жана коопсуздук — заманбап коргоо технологиялары маалыматтардын купуялуулугун жана каражаттардын коопсуздугун камсыздайт.
Акча которууну кантип алса болот:
-
Жөнөтүүчүгө акча которууну «БЭСТ» төлөм системасы аркылуу жөнөтүүнү айтыңыз.
-
«Бай-Тушум Банк» ААКнын сизге ыңгайлуу болгон каалаган филиалына келиңиз.
-
Жаныңызда өздүгүңүздү тастыктаган документ (паспорт же ID-карта) болсун.
-
Банк кызматкерине акча которуунун номерин жана суммасын айтыңыз.
«БЭСТ» төлөм системасынын кошулушу — Бай-Тушум Банкынын кардарларына ыңгайлуу, ылдам жана ишенимдүү финансылык кызматтарды өнүктүрүү жолундагы дагы бир кадам.

