«Бай Түшүм» банкы «Мен – SOS балдар айылынын досумун» аталышындагы кайрымдуулук иш-чарасына катышты

18.06.2018

Өткөн ишемби күнү, 2-июнда «Бай Түшүм» банкы «Мен – SOS досумун» кайрымдуулук иш-чарасына катышты.  Иш-чараны  SOS Балдар Айылы жана Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы (ФФКР)  уюштурушту. Балдар майрамы кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын жана «Сымбат» бий тобунун катышуусунда болуп өттү, алар балдарды куттуктоо менен гана чектелбестен, эң сонун концерттик номерлери менен чыгышты.

«Мен – SOS досумун» программасында балдар үчүн: Аквагримм жана ар кандай мастер класстар, кол өнөрчүлүгү, шахмат, сүрөт тартуу сыяктуу кызыктуу иш-чаралар уюштурулду. Мындан тышкары кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында чоңдор арасында мини-футбол боюнча турнир болуп өтүп, ага 8 команда катышты. «Бай Түшүм» банкынын Футбол командасы байгелүү орунга ээ боуу менен финалга чыкты.

Турнирдин бардык катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Футбол Федерациясы тарабынан эстелик белектер, дипломдор жана эстелик сувенирлери тапшырылды.

«Бай Түшүм» банкы 16 жылдан бери билим берүү программалары жана социалдык камсыздоо боюнча кайрымдуулук программаларын турмушка ашыруу аркылуу коомчулуктун өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатат.