«Бай Түшүм» банкы банкирдин жайкы мектебин ишке киргизүүдө

18.06.2018

Эгерде Сиз ЖОЖдун же колледждин 2017-2018-жылдагы бүтүрүүчүсү болуп, ушул багыттагы билим алган болсоңуз жана банкта иштөөнү кыялданып жүрсөңүз, анда биздин мектепте банк иши багыты боюнча мыкты адистер менен практиктерден  практикалык билим алуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү бар.

Жайкы мектептеги окуунун жүрүшүндө  студенттер бухгалтердик эсептин негиздерине, финансылык анализ, эсептер жана банктык аманаттар боюнча операцияларды жүргүзүүгө, кардарлар менен коммуникацияга, ошондой эле сатуулар боюнча иштерди алып барууга үйрөнүшөт.  Окутуу программасы 1 айга эсептелинген. Программанын аягында экзамендик  тесттер өткөрүлөт.       Экзамендер аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөр өз аттарына жазылган сертификаттарды алышат.

Банкирдин жайкы Мектебинин эң мыкты бүтүрүүчүлөрү өз карьераларын  «Бай Түшүм» банкынан башташса болот.

Жай мезгилин пайдалуу өткөрүңүз!  22-июнга чейин    ➡ baitushum@baitushum.kg. почтасына бизге өз резюмеңизди жөнөтүңүз.

Окутуу датасы: 2018-жылдын  2  – 20 июлу.

Практика: 2018-жылдын  23  – 6 августу.