Башкы максатыбыз – клиенттердин ишеними

15.11.2013

Кыргызстандын банк рыногунда жаңы банктын жаралганынан бери бир жыл өттү. «Бай Түшүм жана Партнерлор» микрофинансылык компаниясы 2012-жылдын 13-ноябрындагы кайра түзүлүүнүн натыйжасында КРнын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясына ээ болгон Борбор Азиядагы эң алгачкы микрофинансылык уюм болуп калды. Анча көп эмес ушул мезгил аралыгында банк кандай натыйжаларга жетишти? Өз кардарларын тейлөөдө кызматтардын кандай жаңы түрлөрүн жана сервистерди сунуш кыла алат? Мына ушулар жана да башка багыттар жөнүндө «Бай Түшүм жана Партнерлор» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева маек куруп берди.

Ар тараптан ийгилик жаратып келе жаткан микрофинансылык уюмду банк катары кайра түзүүгө эмне түрткү берди?

– Бул бүгүнкү күндө микрофинансы тармагында байкалып турган «модага» урмат көрсөтүү эмес, биздин уюмдун мындан ары да өнүгүшү жана кардарларды тейлөөнү жакшыртуу үчүн тандап алган жолубуз болду. Биздин уюм 13 жыл аралыгында өнүгүүнүн ар кандай этаптарынан өттү. Тарыхыбыз 1997-жылдан, Америкалык өкмөттүк эмес уюм ACDI/VOCA ишке ашырып жаткан долбоордон башталат. 2000-жылы «Бай Түшүм» финансылык фонду түзүлдү. Ал кезде микрофинансылык уюмдардын ишин жөнгө салып турган атайын мыйзам жок эле. Фонддун иши ийгиликтүү жүрүп, өнүгө баштады жана капиталдын эл аралык рыногуна кирүүгө мүнкүнчүлүк алды. Кийинчирээк андан ары өнүгүүгө байланышту кошумча капитал тартуу зарылдыгы келип чыкты.Ушул себептен финансылык фонддун негизинде «Бай Түшүм жана Партнерлор» коммерциялык микрокредиттик компаниясы түзүлдү. Компаниянын жана рыноктун андан ары өнүгүшү стратегиялык жана социалдык максаттарга жетүү үчүн кардарларга насыяны гана сунуш кылбастан, финансылык тейлөөнү да, мисалы, депозиттерди же каражат топтоону да сунуштоонун зарылдыгын көрсөттү. Каражат топтоо насыялоого караганда алда канча маанилүү. Ушул себептен 2011-жылы Кыргызстандагы микрофинансы уюмдарынын арасынан депозиттик лицензияны биринчи алган жалгыз уюм болдук. Биз кардарлар арасында финансылык сабаттуулукту көтөрүү боюнча масштабдуу программаны баштадык. Акчасы көп адам бай боло албайт, тескерисинче акчаны туура колдоно билген адам алда канча көбүрөөк ийгиликке жетишет эмеспи. Өнүгүүбүздөгү кийинки этап банктык лицензияны алуу болду.

– Мыйзам тарабынан банктар үчүн жогорку талаптар коюлган эмеспи…

– Банктардын ишине жогорку талап коюлаарына карабастан, биз бул кадамга терең түшүнүү менен бардык, себеби ишти мыйзамдуу тескөө көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Азыркы учурда «Бай Түшүм жана Партнерлор» Кыргызстандагы алдыңкы жана ири микрофинансылык уюмдардын бири болуп калды. Кыргызстандагы айрым банктарга салыштырмалуу активдеринин, капиталынын жана кредиттик портфелинин көлөмү боюнча алда канча масштабдуу. Бирок, микрофинансылык уюмдардын ишмердигин тескөөнүн өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу чет өлкөлүк валюталар менен иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбогондуктан, банктарга көз каранды абалда турган. Микрофинансылык сектордогу жогорку пайыздык өлчөмдөрдү коюунун негизги себеби ушул. Ошентсе да компания финансы институту катары ишмерчиликтин мындай жагдайына даяр болчу.

– Кандай гана уюм болбосун анын алгачкы жылы дайыма татаал болот, Сиздердин банк кандай кыйынчылыктарга туш келди?

– 2012-жыдын 13-ноябрында биз банктык лицензияны алдык. Бирок буга карата даярдык алда канча эле эрте башталган болчу. КРнын Улуттук Банкынын талаптарын жана бизнес процессиндеги ишмердүүлүктүн кубаттуу багытын эске алып жана өз кардарларыбыз үчүн пайдалуу шарттарда иштешүүгө мүмкүнчүлүккө ээ болуу үчүн биз уюмдун ишин күн мурунтан эле банк катары түзүп келгенбиз.

Албетте кыйынчылыктар болду, өзгөчө банктык жаңы продуктуларды жана кызматтарды ишке киргизүү оңой болгон жок. Буга чейин биз насыялоо жана депозиттерди тартуу менен гана алектенип келсек, бүгүнкү күндө банктык продуктулардын бүткүл тизмесин сунуш кыла алабыз. Мисалы, кассалык-эсептөө тейлөөсү, «Элкарт» төлөм картасын чыгаруу жана тейлөө, айлык маяна долбоорлору, депозиттик жана насыялык жаңы программалар жана банк эсебин ачпай туруп акча которуунун жети түзүмү ишке берилди. Жакын арада Бишкек менен Ош шаарлары менен катар эле аймактарда да бакоматтар жана төлөм терминалдары орнотулат.

Жаңы сервистерди ишке берүү менен бирге көзөмөл жана тармактардын иштөөсүнүн кепилдиги, банк мыйзамдарына жана бүтүндөй бизнестин коопсуздугун камсыз кыла ала турган кошумча функциялар пайда болду.

Жаңы бизнес-процесстерди ишке берүү квалификациялуу кошумча персоналдарды ишке тартууну талап кылды. Бүгүнкү күндө квалификациялуу адистерди табуу чындыгында оңой эмес. Кадрдык таңкыстык азыр бардык банктарда курч маселе болуп турат, бул миграциялык агымга жана билим берүүнүн сапатынын начарлап кеткендигине байланыштуу болсо керек. Жаңы кызматкерлерди ишке кабыл алып, аларды кайрадан окутууга туура келди. Мунун баары, албетте бир топ чыгымды талап кылды.

– «Бай Түшүм» – микрофинансы рыногундагы таанымалдуулукка жетишкен бренд, эми банк секторунда ийгиликке жетише алдыңарбы?

-Албан иштерди тез арада багындыруу мүмкүн эмес. Келе жаткан жылда банк рыногунда бараандуу орунду ээлөө үчүн бизде бүгүнтөн эле жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлүп калды, бардык иш процессин жаңыртып түзүүгө жетиштик, зарыл болгон квалификациялуу кызматкерлерди топтой алдык жана банк продуктуларынын тизмесин кеңейттик.

Биздин банк бүгүнкү күндө өнүгүүнүн өткөөл мезгилинде жашап жаткандыгына байланыштуу, киреше багытында мактана албайбыз. Ошентсе да банктык бардык жаңы иш-аракеттерди уюм үчүн жана анын акционерлери үчүн чыгашалуу болбогондой негизде уюштура алдык. «Бай Түшүм» жетишээрлик ликвиддүүлүктүн ээси, себеби эл аралык капитал рыногу менен тыгыз байланышта. Биздин азыркы максатыбыз – депозиттерди тартуу аркылуу улуттук валютадагы ресурстарыбызды көбөйтүү. Кыргызстанда акча каражатын топтоонун маданияты өтө төмөн. Ушул себепке байланыштуу биздин акционерлер – «Бай Түшүм» финансы фонду менен биргеликте финансылык билимди өстүрүү боюнча тренингдерди ишке ашырып жатабыз. Ушул жылы 2700дөн ашуун адам тренингдерге катышышты.

-Банктын бүгүнкү күндөгү негизги кардарлары кимдер?

– Ушул учурдагы максатуу топ –чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү болуп саналышат. Айыл жеринде жашашкан чакан чарбасы бар фермерлер, чакан бизнеси бар ишкерлер менен да иштешип келебиз. Булар бизнес көлөмүнүн кичинелигинен жана койо турган күрөөсүнүн өзгөчөлүгүнөн улам коммерциялык банктарды кызыктырбайт. Биз, ушул аудиториянын өнүгүү багытында зор кубаты бар деп эсептейбиз жана аларды тейлөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келебиз.

Биз кандай болсо да калыптанып калган банк рыногуна келдик, демек кардарлар базасын акырындык менен өстүрүүгө тийишпиз. Кардарлар менен өз ара мамилелерибизди түзүүдө алар белгилеген өтүнүчтөрдүн баарын аткарууга негизденебиз жана башка банктардан ушунубуз менен айырмаланып турабыз. Биздин банктын урааны: «Азыраак сүйлөп, көбүрөөк иштөө». Биз менен узак жылдардан бери иштешип келе жаткан кардарларыбыз дал ушунужогору баалашат деп ойлойм.

-«Бай Түшүм» эмне себептен негизги багыты катары чакан жана орто бизнести тандап алды?

-Кыргызстандын экономикасынын негизин бүгүнкү күндө ушул сектор түзүп турат жана анда пайдаланылбай жаткан эбегейсиз мүмкүнчүлүк жатат. Бирок бул, банк башка тармактагы кардарлар менен кызматташпайт дегендик эмес. Тескерисинче, биз банктык бардык продуктуну сунуштоо жана кардарлардын ар бир өтүнүчүнө жекече мамиле жасоо жолу аркылуу байланышыбызды өнүктүрсөк деген тилектебиз.Учурда банкта чакан жана орто бизнеске көрсөтүлүп жаткан тейлөөнүн сапатын жакшыртуу боюнча кеңири долбоор иштеп жатат. Бул долбоордун алкагында бизнес-кредиттерин тез арада карай турган чакан жана орто бизнести финансылоонун уникалдуу программасы старт алды. Арыздарды кароонун мөөнөтү жумушчу эки күндөн беш күнгө чейин, 300 миң сомго чейинки насыяларды күрөөсүз алуунун мүмкүнчүлүгү да каралган. Ишкерчилик тажрыйбасы бар, өз иштерин кеңейтүүдө насыялык каражаттарды натыйжалуу пайдалана алган кардарларыбызды биз колдоого алып турабыз. Банк келээрки жылда корпоративдик бизнес үчүн тейлөөлөрдү кеңейтүүнү көздөп турат.

-Кардарлар алган насыяларын кандай максаттарга пайдаланышат?

– Биз насыя портфелинин көбүрөөк бөлүгү айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталгандыгы менен дайыма айырмаланып келгенбиз. Бүгүнкү күндө берилип жаткан баардык насыялардын 43 пайызы айыл чарбасына туура келет, 30 пайызга жакынын соодо-сатык , тейлөө жана өндүрүш тармагы ээлейт. Калган 27 пайызды ипотека, лизинг жана керектөөчү насыялар түзөт. Биз жакшыртууну жана кеңейтүүнү көздөп жаткан банк продуктулары мына ушулар.

Насыя портфелин өнүктүрүү боюнча биздин пландарыбыз чоң. Бул жылды төрт миллиард сом деңгээлинде аяктай турган болсок, келээрки жылда беш миллиард сом деңгээлине чыгабыз. Бул жакшы өсүш, ага жетиш үчүн бизде профессионалдардын командасы жана финансы каражатын тартып келүүнүн жакшы мүмкүнчүлүгү бар. Эл аралык рыноктогу кредиторлордун бизге болгон ишеничи абдан жогору, ушул себептен акча каражатын тартып келүүдө эч кандай кыйынчылык болбойт. Капиталдын эл аралык рыногунда биз өзүбүздү ишенимдүү түрдө көрсөтүш үчүн эң башкысы өлкөбүздө саясий туруктуулук болуш керек.

-Сиздин оюңузча, бизнесте финансыга жетүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүдө банктарга бүгүнкү күндө кандай тоскоолдуктар бар?

-Жакында биз банк рыногуна талдоо жүрүгүзүп көргөн элек, ошондо мындай бир кызыктуу жыйынтыктарга ээ болдук. Кыргызстанда финансылоого жетүү мүмкүнчүлүгү боюнча маселе жакшы эле чечилген, бирок негизги көйгөй көпчүлүк бизнесмендер финансылык эсепти ачык жүргүзүшпөгөндүгүндө жатат.  Ушунун кесепетинен улам алар банктык ресурстарды тартуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышууда. Ачык эсеп болмоюнча кубатуу кардарлардын насыя алуу мүмкүнчүлүгүн балоо кыйынчылыкка турат жана тескөөчү талаптарды толук аткаруу мүмкүн болбой калат. Көпчүлүк ишкерлер тажрыйбасыздыгынан улам, а кээ бирөөлөр салыктан качуу максатында ачык эепти жүргүзүшпөйт. Бул көйгөйлөрдү финансылык сабаттуулук боюнча долбоорлор жана көмүскөдөгү бизнести ачыкка чыгаруунун план ченемдүү программалары аркылуу өкмөт менен биргеликте чечүү керек.

Көпчүлүгү узак мезгилге берилүүчү насыяларды алууга умтулушат. Бул үчүн лизинг сыяктуу финансылык ыкманы колдонуунун мүмкүнчүлүгүн карап көрүү зарыл. Мисалы, айыл чарба азыктарын кайрадан иштетүү сектору акча каражатына абдан муктаж. Аларга заманбап жабдуулар жана технологиялар керек, бул үчүн узак мезгилге берилүүчү финансыны талап кылат. Мына ушул багытта бүткүл банк секторунун да жана «Бай Түшүм жана Партнерлор» банкынын да кубаттуу мүмкүнчүлүгү бар деп эсептейбиз.

Бул маселенин экинчи жагы да бар. Долбоорлорду узак мезгилге финансылоо менен камсыз кылуу үчүн банктар өздөрү «узун» акчанын ээси болууга тийиш. Бирок биздин өкмөттүн ички алакалар боюнча саясатынын ылайыксыздыгынан улам, мунун бүгүнкү күндөгү баасы өтө жогору. Мындан эки-үч жыл мурун мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча баа 20 пайыздан ашып турган. Экинчи маанилүү жагдай – борбордук банктардын рефинансылоого койгон ставкасы болгон. Эгерде АКШда жана Европада ал бир пайыздан кем болбогон болсо, биздин өлкөбүздө төрт пайызды, кээ бир учурларда 12 пайызга чейин көтөрүлүп кеткен мезгилдер болду.

Депозитти жылдык 12 пайыздык үстөгү менен тартуу үчүн, ал акча каражатын мындан да жогорку ставка менен жайгаштыруу керек. Ушул себептен улам, кардарлар көпчүлүк учурда талап кылышкандай, банктар насыяларды төмөнкү пайыздар менен бере алышпайт. Бул кылдат жүргүзүлө турган макроэкономикалык саясаттын маселеси. Адамдар чогултуп жүргөн каражаттарын ылайыктуу пайыздык төлөмдөрү менен узак убакытка депозиттерге жайгаштыруусу үчүн шарттарды түзүү керек, адамдар өз салымдарынын корголушу жана сакталышы үчүн ишенимде болууга тийиш.

-Ипотекалык насыялар канчалык деңгээлде талап кылынууда?

-«Бай Түшүм жана Партнерлор» микрофинансы уюму статусунда турганда эле, 2003-жылы Кыргызстандагы финансы институттарынын арасынан биринчилерден болуп ушул багытта иш баштаган. Биз финансылоодо чоңураак көлөмдү камтый алган жокпуз себеби «узун» акчаларга көз карандыбыз.

Бүгүнкү күндө биздин банк ипотеканын мөөнөтүн 15 жылга чейин узарткан жана жаңы турак жайды финансылоого мүмкүнчүлүк берген жападан жалгыз банк. Чоң шаарлардагы турак үйлөргө талап көбүрөөк жана ликвиддүү болгондугуна байланыштуу башка банктар ошол жерлерде гана иштөөнү көздөшөт. Биз өзүбүздүн социалдык милдетибизди эске алып, ипотеканы Бишкек менен Ош шаарларында эле эмес, бардык аймактарда, айыл жерлеринде да сунуштап келебиз.

2013-жылдын июль айында Германиянын өнүгүү банкы ( KfW) жана КРнын финансы министрлиги менен биргеликте турак жайды финансылоо программасынын алкагында «Жаркын жашоо» продуктубузду ишке киргиздик. Анын максаты айыл жеринде жашашкан кирешеси орто жана андан төмөн үй- бүлөлөр үчүн турак жайды алууга жана кайра куруу, же оңдоо иштерине жеңилдетилген акча каражатын алууга мүмкүнчүлүк түзүү. Алар ипотеканын насыясын төгүүдө фермердик чарбасынан түшкөн кирешени пайдалана алышат. Бул продукт ийгиликтүү колдонулуп жатканын белгилеп кетким келет. Ушул багытта жакында экинчи траншты алдык. «Жаркын Жашоо» ипотека продуктусу боюнча ставка улуттук валюта менен жылдык 19 пайызды түзөт . Кардарларды бул пайыздык ставка деле кызыктырып турат, негизи насыянын көлөмүн эле эмес, каражатка жетүүнүн мүмкүнчүлүгүн да эске алуу керек.

Ипотеканын корпоративдик сектор менен бирге эле турак жай багытында финансылоо боюнча да мүмкүнчүлүгү кенен. Курулуш– бүгүнкү күндө тез өнүгүп жаткан тармактардын бири, ушул себептен ага инвестиция салуу пайдалуу.Анын мүмкүнчүлүгүн баалоо үчүн Бишкек шаарын карап көрүү эле жетиштүү.

-Банктын келечегин Сиз кандай элестетесиз?

-«Бай Түшүм жана Партнерлор» банкы бир-эки жылдан кийин өлкөбүздүн банк секторундагы алдыңкы банктардын бири болот деп ишенем. Бул үчүн бизде баардык мүнкүнчүлүктөр жана ресурстар бар.

Биздин уюм 13 жылдык эмгегинин аркасында жалпы активи 131 миллион АКШ долларынан ашык көлөмдү түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири финансы институттарынын бирине айланды. Кардарлар базасы 32 миңден ашат. Бүгүнкү күндө биздин уюм банк секторундагы активдери жана тартылган акча каражаттарынын, насыялык портфелинин көлөмү боюнча банк лидерлеринин биринчи жетилигине кирет. Кардарларды тез, сапаттуу жана ишенимдүү кызмат менен камсыз кылуу – башкы максатыбыз.

Тейлөөнүн жеткиликтүүлүгү анын арзандыгы менен эле эмес, анын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу менен да тыгыз байланышта. Кардарлар компьютер, уюлдук телефон, же байланышуунун башка бир каражатын колдонуу менен банктын кызматын кайда жүргөңдүгүнө жана кайсы убакытта экендигине карабастан пайдалана ала турган мүмкүнчүлүккө ээ болууга тийиш. Бул бир эле «Бай Түшүм жана Партнерлор» банкынын эмес, КРнын өкмөтүнүн жана улуттук банкынын да милдети. Өлкөбүздүн экономикасын көмүскөдөн алып чыгуу жөнүндө көп айтылып жатат, бирок буга накталай эмес эсептешүүлөрдүн көлөмүн көбөйтпөй туруп жетишүүгө мүмкүн эмес. «Бай Түшүм жана Партнерлор» банкы ушул максатка жетүүгө жана кардарларды жогорку профессионалдуу деңгээлде тейлөөнү камсыз кылууга өз салымын кошуп келүүдө.