Акча которууларды алуучулар үчүн «Баалуу белек» акциясынын мөөнөтү узартылат
02.06.2026
«Бай-Түшүм» Банкы ААК «Sendy» төлөм системасы жана «Мир Привилегий» Банкы менен биргеликте Россиядан акча которууларды алуучулар үчүн өткөрүлүп жаткан «Баалуу белек» акциясынын мөөнөтү 2026-жылдын 30-июнуна чейин узартылганын маалымдайт.
Кардарлардын жогорку кызыгуусуна жана катышуучулардын көп санына байланыштуу акция июнь айында да улантылып, пайдалуу белектерди утуп алуу үчүн дагы көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт.
Акциянын шарттары
Россиядагы жөнөтүүчүңүз «Мир Привилегий» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстанга 25 000 (жыйырма беш миң) орус рублинен кем эмес суммада акча которушу керек.
Которуу жөнөтүүдө ал BTB промокодун же Кыргызстандын аймагындагы «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган бөлүмүнөн же Банктын сайтынан алынган промокодду көрсөтөт. Промокод колдонулганда жөнөтүүчү которуу үчүн 0,05% арзандатууга ээ болот.
Акча которууну алуучу автоматтык түрдө баалуу белектердин ай сайын өткөрүлүүчү ойнотмосуна катышуучу болуп калат.
Акча которууларды алып, төмөнкү баалуу белектердин биринин ээси болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз:
• чаң соргуч;
• электр шире сыгуучу шайман;
• электр чайнек;
• фен;
• перкуссиялык массажёр;
• кулакчындар;
• үтүк.
🎉 Ар бир катышуучуга кепилденген белек
Акча которууну алуу үчүн «Бай-Түшүм» Банкынын бөлүмүнө келген ар бир кардарга белек катары фирмалык стилдүү кардхолдер тапшырылат.
Акциянын мөөнөтү
Акция 2026-жылдын 1-мартынан 30-июнуна чейин өткөрүлөт.
Ойнотмонун жыйынтыгы ар бир айдын 20-күнү чыгарылат.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси «Бай-Түшүм» Банкынын расмий сайтында жарыяланат. Ошондой эле Банктын кызматкерлери жыйынтыктар жарыялангандан кийин 5 жумушчу күндүн ичинде ар бир жеңүүчү менен телефон аркылуу байланышат.
Белектер Кыргыз Республикасынын аймагындагы «Бай-Түшүм» Банкынын каалаган ыңгайлуу бөлүмүндө тапшырылат.
Толук маалымат шилтеме аркылуу жеткиликтүү.
Ошондой эле акция тууралуу кеңири маалымат алып, эрежелери менен таанышып жана промокодду төмөнкү жолдор аркылуу ала аласыз:
• Банктын бардык бөлүмдөрүндө;
• 8899 телефону аркылуу;
• WhatsApp: +996 990 008 899.
Акча которууларды алып, акцияга катышып, «Бай-Түшүм» Банкы менен бирге баалуу белектерди утуп алыңыз!

