Эсепти акысыз ачуу акциясы 2026-жылдын 30-июнуна чейин узартылды

12.01.2026

Урматтуу кардарлар!

«Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн эсепти акысыз ачуу» акциясы 2026-жылдын 30-июнуна чейин узартылды. Жаңы кардарлар эсепти комиссиясыз ачып, тейлөөнүн бардык артыкчылыктарын пайдалана алышат.

Акциянын алкагында төмөнкүлөр жеткиликтүү:

  • эсепти тез жана ыңгайлуу ачуу;

  • заманбап интернет-банкинг;

  • эсепти ыңгайлуу башкаруу үчүн BTB Business мобилдик банкинги;

  • эсеп-кысаптык-кассалык тейлөө боюнча пайдалуу тарифтер.

Акция жаңы кардарлар — юридикалык жактар жана жеке ишкерлер үчүн жарактуу.

Жакынкы Банк бөлүмүнө кайрылып, ишенимдүү финансылык өнөктөш менен кызматташууну бүгүн баштаңыз!