Бай-Тушум Банк Россиядан акча которууларды алуучулар үчүн акциясын баштады

01.03.2026

Бай-Тушум Банк «Sendy» төлөм системасы жана «Мир Привилегий» Банкы менен биргеликте Россиядан акча которууларды алуучулар үчүн «Баалуу белек» акциясын баштайт.

Акциянын шарттары:

  • Сиздин Россиядагы жөнөтүүчүңүз «Мир Привилегий» мобилдик тиркемеси аркылуу Кыргызстандын аймагына 25 000 (жыйырма беш миң) россиялык рублден жогору суммада акча которот.
  • Жөнөтүү учурунда ал атайын промокодду көрсөтөт. Промокодду Кыргызстандын аймагындагы «Бай-Тушум» Банкынын каалаган бөлүмүнөн же расмий сайтынан алууга болот. Промокод менен жөнөтүүчү акча которуу үчүн 0,05% арзандатуу алат.
  • Акча которууну алуучу ай сайын өткөрүлүүчү баалуу белектердин ойнотулушуна автоматтык түрдө катышуучу болот.

Ай сайын биз төмөнкү пайдалуу жана заманбап белектерди ойнотобуз:
чаң соргуч, электр шире сыггыч, электр чайнак, фен, перкуссиялык массажёр, кулакчын, үтүк.

Мындан тышкары — кепилденген белек!
Акцияга катышуу үчүн промокод алуу максатында «Бай-Тушум» Банкынын бөлүмүнө келген ар бир кардарга фирмалык стилдеги кардхолдер белекке берилет.

Акция 2026-жылдын март–май айларында өткөрүлөт, жыйынтыктар ар бир айдын 25инде чыгарылат.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси биздин расмий сайтта жарыяланат, ошондой эле жыйынтыктар жарыялангандан кийин 5 иш күнүнүн ичинде ар бир жеңүүчүгө телефон аркылуу байланышабыз.
Белектер Кыргызстандын аймагындагы ААК «Бай-Тушум» Банкынын сизге ыңгайлуу каалаган бөлүмүндө тапшырылат.

Толук маалыматты, акциянын эрежелерин жана байланыш номерлерин төмөнкү жерлерден ала аласыз:

— Банктын бардык бөлүмдөрүнөн
— Телефон аркылуу: 8899
— WhatsApp: +996 990 008 899

«Бай-Тушум» Банкы менен бирге катышып, утуп алыңыз!

Акциянын шарттары