2025-жылдын 31-октябрында А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада Дүйнөлүк Аманат күнүнө арналган каржылык жармаңке болуп өттү.

03.11.2025

Иш-чаранын жүрүшүндө биздин адистер каржылык сабаттуулукту жогорулатууга багытталган интерактивдүү оюндарды өткөрүштү.
Катышуучулар жеке бюджетти туура пландаштырууну, үнөмдөө түзүүнү жана акылдуу инвестиция жасоону үйрөнүштү.

🎁 Активдүү катышкан коноктор эстелик белектерди алып, позитивдүү маанай жана жаңы билим менен кайтты!

Андан тышкары, Дүйнөлүк аманат күнүнө карата Бай Түшүм Банкы өлкөнүн аймактарында каржылык сабаттуулук боюнча тренингдер жана лекциялар өткөрдү, андан көп адамдар каржы жана инвестициялар тууралуу маанилүү маалыматка э болушту.

🙏 Жармаңкеге катышкан бардык конокторго көрсөткөн кызыгуусу жана активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз!