«Бай-Түшүм» Банкы кичинекей кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктады

30.05.2014

«Бай-Түшүм» Банкы үчүн балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата керектүү товарларды сатып алуу же майрамдык иш чараларды уюштурууну каржылоого катышуу, ошондой эле башка жардам көрсөтүү аркылуу балдар үйлөрүнө, социалдык-алсыз балдарга, алардын ичинде социалдык жактан жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына, мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдарга, мектеп-интернаттарга жана башка социалдык мекемелерге кайрымдуулук жардам көрсөтүү традиция болуп калды.

«Биздин турмуштагы өтө жаркын жана эң сонун элестер биздин балдар менен байланыштуу – деп белгиледи Гульнара Шамшиева, «Бай-Түшүм» Банкынын Башкы менеджери. Ошондуктан, улуулар, биз үчүн башкы маселе – бул ар бир баланын укугун коргоо, балдарга камкордук көрүү жана жакшы көңүл буруп мамиле жасоо, аларга кубаныч жана жаркын маанай тартуулоодон турат. «Бай-Түшүм» Банкы 13 жылдан бери балдар мекемелерине колдоо көрсөтүп келе жатат. Акыркы 5 жылдын ичинде эле Банк бүтүндөй Кыргызстан боюнча балдарга жана балдар мекемелерине 2,5 млн. сомдон ашык суммага кайрымдуулук жана демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

Быйылкы жылы Банктын кайрымдуулук акциясы тарабынан 1000 бала камтылды, алар таттуулар, азык пакеттери, оюнчуктар жана канцелярдык товарлар менен белектерди дареги боюнча жеткирүү түрүндө жардам алышты. Майрамга карата, Банктын коллективинин алар менен көп жылдардан берки достук байланышуулары, бир нече социалдык балдар мекемелеринин бир катар маселелерин чечүүгө жардам берди. Балдар үйлөрү үчүн турмуш-тиричилик техникалары сатылып алынды, майрамдык иш чаралар жана сыйлыктарды берүү менен конкурстар уюштурулду.

Банк жөнүндө:
«Бай -Т
үшүм» америкалык ACDI/VOCA эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм» Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын банктык толук лицензиясын алган Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болду. Банк 13 жылдык ишинде жалпы активи 132  миллион АКШ доллары көлөмүн түзгөн Кыргыз Республикасындагы эң ири микрофинансы институттарынын бирине айланды. «Бай-Түшүм» Банкы бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасындагы эң ири жети банктын катарына кирет жана 32 миңден ашуун кардарларга кызмат көрсөтөт.