Банктын аялдар командасы катыша турган волейбол боюнча кайрымдуулук турнирине чакырабыз

11.05.2018

«Бай Түшүм» Банкынын командасы «Бир дем» Коомдук фонду Бишкек мериясы жана Кыргызстандын волейбол Федерациясынын колдоосу менен уюштура турган кайрымдуулук волейболуна катышмакчы. Мелдештер 13-майда, Түштүк Магистралындагы дене тарбия – ден соолукту чыңдоочу комплексинде болуп өтөт. Башталышы – 10:00.

Биздин кыздар «Политики», «Бизнес Леди», «Поколение BEST», «ШОУ-бизнес өкүлдөрү», «Журналисттер», «Спортсменкалар» командалары жана «Манас» аэропортунун курама командасы менен беттешүүгө чыгышат.

Кирүү баасы – болгону 500 сом,  мыкты көңүлдүү маанай жана эң сонун драйв алышыңызга кепилдик берилет! Чогултулган бардык каражат карылар үйлөрү үчүн азык-түлүк жана керектүү нерселерди алууга жумшалат.

Оюн аянтына биздин  ай чырайлуу 12 кесиптешибиз капитан Айгерим Аманованын жетекчилиги алдында чыгышмакчы.