Кардарларды коргоо принциптери
«Бай – Түшүм» Банкы өз ара ишенимден, түшүнүүдөн жана сыйлашуудан негизделген, кардарлар менен өнөктөштүк узак мөөнөттүк мамилелерди түзүү үчүн бардык болгон күчүн жумшайт.
«Бай-Тушум» Банкы 2014, 2016 SMART Campaign сертификатына татыктуу болгон.
SMART Campaign принциптер:
1. Насыялар боюнча ашыкча карыз болууга жол бербөө. Банк, зайымдарды төлөө боюнча жетиштүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алган зайымчыларга гана насыя берүүгө, берилген зайымдар зайымчылар үчүн ашыкча карыз болуунун орчундуу тобокелдигин жаратпашы, ага жараша, алар карыздык аңга түшүп калбоосу үчүн акылмандуулук менен негизделген бардык иш чараларды кабыл алат.
2. Баа түзүлүшүнүн таза ачыктыгы. Финансылык кызматтарды көрсөтүүнүн наркы жана бардык шарттары (анын ичинде пайыздык чендери, коргоо төлөмдөрү, бардык комиссиялыктар ж.у.с.) таза ачык болуп саналат, алар тууралуу маалымат кардарлар үчүн түшүнүктүү формада берилет.
3. Карызды төлөтүү ыкмаларынын адекваттуулугу. Карыздарды төлөтүү боюнча иш чаралар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде жүргүзүлөт. Карыздарды төлөтүү боюнча Банктын колдонуусундагы ыкмаларында, карызды кемсинтип жана зордоп тартып алуу менен төлөтүү каралган эмес.
4. Ишкердик этика чендерин сактоо менен колдонуу. Банктын кызматкерлери кардарлар менен иштөө учурунда ишкердик этикасынын эң жогорку стандарттарын сактоо менен колдонушат. Банкта коррупциялык фактыларды же кардарларга тийиштүү эмес түрдөгү жасалган мамилелерди табуу жана четтетүү үчүн керектүү коргоо механизмдери иштейт.
5. Кардарлардын арыздарын кароо жана канааттандыруу жол-жоболору. Банкта кардарлардын арыздарын жана сунуштарын оперативдүү кароо системасы каралган, анын чегинде кардар Банктын иши, көрсөтүлгөн сервистин жана кызматтардын сапаты тууралуу өзүнүн ой-пикирин айта алат, ошондой эле Банктын иш аракеттерин жакшыртуу боюнча өзүнүн сунушун киргизе алат. Ал эми Банк, өз кезегинде, андай маалыматка ошол замат көңүл бурат жана ошол маселени чечүү үчүн керектүү иш чараларды кабыл алат.
6. Продуктылардын жана сатуу каналдарынын туура келиши. Банктын продуктылары жана тейлөө кызматтары ошондой эле сатуу каналдары кардарлардын керектөөлөрүн жана каалоолорун эске алуу менен иштелип чыккан. Продуктылар жана сатуу каналдары, Банктын колдонуудагы саясаттарына жана жол-жоболоруна ылайык, кардарга эч кандай зыян алып келбейт.
7. Кардарлар тууралуу маалыматтын купуялуулугу. Банк менен Кардардын ортосундагы бардык мамилелер өтө жашыруун мүнөздө болот, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул келишим тарабынан сүйлөшүлгөндөн башка учурларда, Банк үчүнчү жактарга маалыматтарды бербөөгө жана жайылтпоого милдеттенет.
КУПУЯЛУУЛУК ЖАНА ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ ИШТЕТҮҮ САЯСАТЫ
- Жалпы жоболор
1.1. Бул Купуялуулук жана жеке маалыматтарды иштетүү саясаты (мындан ары – Саясат) “Бай-Түшүм” Банкы ААКда (мындан ары – Банк) жеке маалыматтарды чогултуу, иштетүү, сактоо жана колдонуу максаттарын жана жалпы принциптерин, тартибин жана шарттарын аныктайт.
1.2. Жеке маалыматтарга байланыштуу чогултуу, иштетүү, сактоо, колдонуу жана башка аракеттер ушул Саясатта жана Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтар жаатындагы мыйзамдарында каралган принциптерди жана шарттарды сактоо менен жүзөгө ашырылат. 1.3. Саясат №58 “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамга ылайык иштелип чыккан.
- Терминдер жана аныктамалар.
- Жеке маалыматтарды актуалдаштыруу – Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жеке маалыматтарга ыкчам өзгөртүүлөрдү киргизүү.
- Жеке маалыматтарды бөгөттөө – жеке маалыматтарды берүүнү, тактоону, колдонууну жана жок кылууну убактылуу токтотуу.
- Жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээлик кылуучу) – мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар, анын ичинде Банк, ага “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын максаттарын, категорияларын аныктоо жана жеке маалыматтарды чогултууну, сактоону, иштетүүнү жана колдонууну контролдоо ыйгарым укуктары жүктөлгөн.
- Жеке мүнөздөгү маалымат (жеке маалыматтар) – белгилүү бир адам менен окшоштурулуп аныкталган же белгилүү бир адам менен окшоштурулуп аныкталышы мүмкүн болгон, бул адамды түздөн-түз же кыйыр түрдө анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык өзгөчөлүктөрүнө тиешелүү бир же бир нече факторлорго шилтеме кылуу аркылуу аныктоого мүмкүндүк берген материалдык алып жүрүүчүдө катталган маалымат. Жеке маалыматтарга өмүр баяны жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, каржылык абалы, ден соолугунун абалы жана башкалар кирет.
- Кардар – 1) жеке жак; 2) юридикалык жак; 3) юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик жүргүзгөн жеке жак (жеке ишкер); 4) КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жеке практика менен алектенген жеке жак; 5) Банк Кардарга өнүмдөрдү жана/же сервистерди жана/же кызматтарды берүүчү келишим түзгөн атайын салык режимин колдонгон жеке жак (өзүн-өзү иштеген).
- КРУБ – Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы.
- ЧУА – ченемдик укуктук актылар.
- Жеке маалыматтарды ээсиздендирүү – жеке маалыматтардан аларды белгилүү бир адам менен окшоштуруп аныктоого мүмкүндүк берген бөлүгүн алып салуу.
- Жеке маалыматтарды иштетүү – Банк тарабынан же анын тапшырмасы боюнча автоматтык каражаттар аркылуу же ансыз жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоо, бөгөттөө, өчүрүү жана жок кылуу максатында аткарылуучу каалаган операция же операциялардын жыйындысы.
- Иштетүүчү – Банк тарабынан аныкталган, ал менен түзүлгөн келишимдин негизинде жеке маалыматтарды иштетүүнү жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жак.
- Жеке маалыматтарды өткөрүп берүү- Банк тарабынан “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” мыйзамга жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга берүү.
- Жеке маалыматтардын тизмеси – бир субъект жөнүндө маалыматтардын категорияларынын тизмеси.
- Потенциалдуу кардар – 1) Банктын өнүмдөрүнө жана/же сервистерине жана/же кызматтарына кайрылган жеке жак, анын ичинде келишимдин шарттары, өнүмдөрдүн жана/же сервистердин жана/же кызматтардын артыкчылыктары жөнүндө консультация алуу үчүн жана/же көрсөтүлгөн өнүмдөрдү, сервистерди, кызматтарды алууга/сатып алууга кызыкдар, бирок көрсөтүлгөн өнүмдөрдү жана/же сервистерди жана/же кызматтарды алууга мүмкүндүк берген келишимди азырынча түзө элек; 2) көйгөйлүү жана/же мөөнөтү өткөн карызды жөнгө салуу процесстеринин алкагында карызды сатып алуу ниетин билдирген жеке жак (карызды которуу, талап кылуу укугунан ажыратуу жөнүндө макулдашуунун тартибинде, КР жарандык мыйзамдарынын алкагында башка ыкмалар менен).
- Жеке маалыматтардын купуялуулук режими – жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүктү, берүүнү, берилишин жана сактоо шарттарын чектөөнү аныктоочу ченемдик жактан белгиленген эрежелер.
- Жеке маалыматтарды чогултуу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Банк тарабынан бул маалыматтардын субъекттеринен же башка булактардан жеке маалыматтарды алуу жол-жобосу.
- Жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугу – кагаз жүзүндө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документ түрүндө билдирилген, жеке адамдын өзүнүн жеке маалыматтарын иштетүүгө байланыштуу жол-жоболорду жүзөгө ашырууга макулдугун билдирген эркин, конкреттүү, сөзсүз жана аң-сезимдүү эрк билдирүүсү.
- Жеке маалыматтардын субъектиси (субъект) – тиешелүү жеке маалыматтар тиешелүү болгон жеке жак.
- Жеке маалыматтарды жок кылуу (өчүрүү же бузуу)- бул маалыматтарды алардын мазмунун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк бербеген абалга келтирүү боюнча аракеттер.
- Жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнүн негизги принциптери
- Жеке маалыматтар Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамында каралган тартипте алынат жана иштетилет.
- Жеке маалыматтар Банк тарабынан төмөнкү максаттарда чогултулат:
- Кардарларга жана/же Потенциалдуу кардарларга (жеке жактарга, юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге, жеке практика менен алектенген адамдарга, атайын салык режимин колдонгон адамдарга) өнүмдөрдү, сервистерди жана кызматтарды көрсөтүү, анын ичинде өнүмдөрдү, сервистерди жана кызматтарды көрсөтүү жана коштоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
- өнүмдөрдүн, сервистердин, кызматтардын жекелештирилген жана/же керектөөлөргө ылайыктуу сунуштарын түзүү жана өнүктүрүү (жакшыртуу);
- өнүмдөр, сервистер, кызматтар жөнүндө маалымат берүү жана өнүмдөрдү, сервистерди, кызматтарды көрсөтүүгө байланыштуу маркетингдик коммуникациялар.
- Иштетүүдө жеке маалыматтарды иштетүү максаттарына карата тактык, жетиштүүлүк жана актуалдуулук камсыз кылынат. Так эмес же толук эмес жеке маалыматтар аныкталган учурда, жаңы маалыматтардын аныктыгы документалдуу түрдө тастыкталган шартта, аларды актуалдаштыруу жүргүзүлөт.
- Жеке маалыматтарды иштетүү жана сактоо, андан ары иштетүү үчүн мыйзамдуу негиздер жок болсо, анын ичинде КРУБ тарабынан бекитилген “КРУБ тарабынан лицензиялануучу коммерциялык банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишинде түзүлүүчү негизги документтердин тизмесинин” талаптарынын алкагында, жеке маалыматтарды иштетүү максаттары талап кылгандан ашык эмес мөөнөткө жүзөгө ашырылат. Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин жана жеке маалыматтарды чогултуу максаттарына жеткенден кийин, алар жок кылынууга тийиш. Социологиялык максаттар үчүн айрым субъекттердин жеке маалыматтарынын маанилүүлүгүнө жараша жеке маалыматтарды жок кылуунун ордуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте Банк тарабынан мындай маалыматтарды ээсиздендирүүгө жол берилет.
- Жеке маалыматтар Банк тарабынан мыйзамсыз жеткиликтүүлүктөн, толуктоолорду киргизүүдөн, өзгөртүүлөрдөн жана жок кылуулардан сакталат жана корголот.
- Жеке мүнөздөгү маалыматты иштетүүнүн жана сактоонун тартиби жана шарттары
- Банк тарабынан жеке маалыматтар менен иштөө төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
- эгерде жеке маалыматтардын субъектиси аны жүргүзүүгө макулдугун берсе;
- эгерде ал Банктын мыйзамдуу кызыкчылыктарына жетүү үчүн керек болсо;
- бул кызыкчылыктарды ишке ашыруу жеке маалыматтарды иштетүүгө карата жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга тоскоолдук кылбаса;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
- Банктын карамагында турган жеке маалыматтар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган учурларды кошпогондо, купуя маалыматка кирет.
- Банк тарабынан жеке маалыматтарды иштетүү аралаш ыкма менен, автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен да, ансыз да жүргүзүлөт.
- Жеке маалыматтар менен төмөнкү аракеттер жүзөгө ашырылат: чогултуу, жазуу, системалаштыруу, топтоо, сактоо, актуалдаштыруу (жаңыртуу, өзгөртүү), алуу, колдонуу, берүү, жеткиликтүүлүк, ээсиздендирүү, жок кылуу, бөгөттөө.
- Жеке маалыматтарды алуу жана иштетүү Банк тарабынан жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугу менен жүзөгө ашырылат, ал кагаз жүзүндө же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамганын жардамы менен кол коюлган электрондук документ түрүндө билдирилет.
- Расалык же этникалык тегин, улуттук таандыгын, саясий көз караштарын, диний же философиялык ишенимдерин ачып берген, ден соолугунун абалына жана сексуалдык жакындыктарына тиешелүү болгон атайын категориядагы жеке маалыматтарды чогултуу, топтоо, сактоо жана колдонуу, Банк тарабынан бул факторлорду аныктоо максатында гана жүзөгө ашырылбайт.
- Адамдын физиологиялык өзгөчөлүктөрүн мүнөздөгөн жана анын инсандыгын аныктоого мүмкүн болгон маалыматтар (биометрикалык жеке маалыматтар) жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугу менен чогултулат, ал кагаз жүзүндө же электрондук кол тамганын жардамы менен кол коюлган электрондук документ түрүндө билдирилет жана Банк тарабынан кардарларды аралыктан тейлөө системаларына жеткиликтүүлүктү аралыктан берүүдө жеке адамды аралыктан идентификациялоо же инсандыгын кошумча тастыктоо үчүн колдонулат.
- Белгиленген тартипте сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин жеке маалыматтарды сактоо зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, аларды чогултуунун белгиленген максаттарына жеткенден кийин, Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеке маалыматтарды сактоонун тиешелүү режимин камсыз кылат.
- Банк жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу, аларды укукка каршы/санкцияланбаган (анын ичинде кокусунан) жеткиликтүүлүктөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, көчүрмөсүн алуудан, жеткиликтүүлүктү бөгөттөөдөн жана жеке маалыматтарга карата башка санкцияланбаган аракеттерден коргоо үчүн зарыл болгон укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт. Мындай чараларга, атап айтканда, төмөнкүлөр кирет:
- жеке маалыматтар менен иштөө үчүн жооптуу болгон Банктын кызматкерлерин дайындоо;
- келишимдерде жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу жөнүндө пункттардын болушун текшерүү жана келишимдерге киргизүү;
- Банктын жеке маалыматтарды иштетүү жана алар менен иштөө маселелери боюнча ички ченемдик документтерин чыгаруу, аларга жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар адамдарды тааныштыруу, жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар адамдарды окутуу;
- жайлардын жана иштетүү каражаттарынын физикалык коопсуздугун камсыз кылуу, өткөрүү режими, кайтаруу, видеого байкоо жүргүзүү;
- жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар адамдардын жана башка адамдардын жеке маалыматтарга жана иштетүү каражаттарына жеткиликтүүлүгүн чектөө жана ажыратуу, жеке маалыматтар менен аракеттерге мониторинг жүргүзүү;
- аларды иштетүүдө жеке маалыматтардын коопсуздугуна болгон коркунучтарды аныктоо, жеке маалыматтардын коопсуздугуна болгон коркунучтардын тизмесин түзүү;
- жеке маалыматтарга жеткиликтүүлүгү бар адамдар менен жеке маалыматтарды иштетүү маселелерине тиешелүү окутууну уюштуруу жана методикалык ишти жүргүзүү;
- жеке маалыматтарды аларга укукка каршы же кокусунан жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрмөсүн алуудан, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка укукка каршы аракеттерден коргоо үчүн укуктук, уюштуруучулук жана техникалык чараларды колдонуу;
- жеке маалыматтардын машиналык алып жүрүүчүлөрүн уурдоону, алмаштырууну, санкцияланбаган көчүрмөсүн алууну жана жок кылууну жокко чыгаруучу эсепке алуу жана сактоо;
- кызматтык милдеттерине жеке маалыматтарга жетүү кирген адамдардын тизмесин жүргүзүү;
- маалыматтык системаларда аларды иштетүүдө жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жооптуу болгон адамды (адамдарды) дайындоо жана аларга инструктаж жүргүзүү;
- калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү үчүн жеке маалыматтардын маалыматтык системасында иштетилген актуалдуу жеке маалыматтарынын резервдик көчүрмөсүн алуу;
- берүүдө жана ташууда жеке маалыматтарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
- жеке маалыматтардын алып жүрүүчүлөрүн өзүм билемдик менен окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө же алып чыгууга тоскоолдук кылуу (маалымат алып жүрүүчүлөрдү пайдаланууга көзөмөл);
- жеке маалыматтарды өзүм билемдик менен жазууга жана жазылган жеке маалыматтарды өзгөртүүгө же жок кылууга тоскоолдук кылуу (жазууга көзөмөл) жана өткөн күн менен качан, ким жана кандай жеке маалыматтар өзгөртүлгөнүн аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- маалыматтарды берүү каражаттарына карабастан жеке маалыматтарды көчүрүүгө арналган маалыматтарды иштетүү системаларынын коопсуздугун камсыз кылуу (маалыматтарды берүү каражаттарына көзөмөл);
- жеке маалыматтарды иштетүү системасынын колдонуучуларына алар жеткиликтүүлүгү бар болгон жеке маалыматтарды гана иштетүүгө жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу (жеткиликтүүлүккө көзөмөл);
- өткөн күн менен качан, ким жана кандай жеке маалыматтар жеке маалыматтарды иштетүү системасына киргизилгенин аныктоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу (киргизүүгө көзөмөл);
- жеке маалыматтарды берүүдө жана ташууда санкцияланбаган окууга, көчүрүүгө, өзгөртүүгө жана жок кылууга жол бербөө (транспорттук көзөмөл);
- жеке маалыматтарды иштетүүдө алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу;
- аларга санкцияланбаган жеткиликтүүлүктүн натыйжасында өзгөртүлгөн же жок кылынган жеке маалыматтарды калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, анын ичинде банктык мыйзамдардын жана КРУБ ЧУА талаптарына жеке маалыматтарды иштетүүнүн, коопсуздугун камсыз кылуунун жана коргоонун шайкештигине ички көзөмөлдү жүзөгө ашыруу.
- Жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктары жана милдеттери
- Жеке маалыматтардын субъектиси Банкта ага тиешелүү жеке маалыматтардын бар экендигин билүүгө жана аларга жетүүгө укуктуу. Жетүү укугу Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамында каралган учурларда гана чектелиши мүмкүн.
- Жеке маалыматтардын субъектиси Банктан анын жеке маалыматтарын иштетүүгө тиешелүү маалыматты алууга укуктуу, ал Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамында каралган.
- Субъекттин жеке маалыматтарынын бар экендиги жана мазмуну жөнүндө маалымат Банк тарабынан субъекттин жазуу жүзүндөгү суроо-талабынын жана анын инсандыгын тастыктаган документтин негизинде жалпыга жеткиликтүү түрдө берилет, так жана ачык билдирилиши керек жана башка субъекттерге тиешелүү жеке маалыматтарды камтыбашы керек.
- Жеке маалыматтардын субъектиси ал жөнүндө жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган документтер менен таанышууга укуктуу.
- Тиешелүү документтер менен тастыкталган негиздер болгон учурда, жеке маалыматтардын субъектиси Банктан өзүнүн жеке маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, ошондой эле аларды бөгөттөөнү талап кылууга укуктуу. Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле жеке маалыматтарды бөгөттөө/бөгөттөөнү алып салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда субъекттин өзүнүн жеке маалыматтарына жетүү укугу чектелиши мүмкүн.
- Жеке маалыматтардын субъектиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Жеке жактар үчүн банктык тейлөө жөнүндө башкы келишим түзүүгө карата Айкын офертага, ошондой эле банк менен кол коюлган башка макулдашууларга ылайык кызматтарды пайдалануу үчүн зарыл болгон так жана актуалдуу жеке маалыматтарды берүү;
- өзгөргөн учурда жеке маалыматтар жөнүндө берилген маалыматты өз убагында жаңыртып туруу жана толуктоо;
- Банктын сервистеринен эсептик жазуунун маалыматтарын, мисалы, логин жана паролду (сыр белгини) үчүнчү жактардан жашыруун сактоо.
- Банктын жана жеке маалыматтардын массивдери менен иштөө боюнча иштетүүчүнүн укуктары жана милдеттери
- Банктын укуктары жана милдеттери колдонуудагы мыйзамдар жана Банктын макулдашуулары менен аныкталат.
- Банк төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жеке маалыматтарды түздөн-түз жеке маалыматтардын субъектисинен, анын ишенимдүү адамдарынан алууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыз кылууга;
- зарыл болгон учурда жеке маалыматтарды иштетүү үчүн иштетүүчүнү аныктоого, ал техникалык коопсуздук чараларына жана жеке маалыматтарды иштетүүнү жөнгө салуучу уюштуруу чараларына карата кепилдиктерди берет, Банк өз алдынча иштетүүчүнүн функцияларын жана милдеттерин өзүнө жүктөгөн учурларды кошпогондо;
- жеке маалыматтардын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле аларга ченемдик тартипте белгиленген жетүү режимин камсыз кылууга;
- субъекттен суроо-талап түшкөндөн кийин бир жумалык мөөнөттө жеке маалыматтарды берүүгө;
- субъектке анын талабы боюнча ал жөнүндө жеке маалыматтардын бар экендиги жөнүндө маалыматты, ошондой эле жеке маалыматтарды берүүдөн баш тарткан учурда, Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын беренесинин тиешелүү пунктуна шилтеме камтылган жазуу жүзүндөгү жүйөлүү жоопту субъект кайрылган учурдан тартып бир жумадан ашпаган мөөнөттө берүүгө;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын суроо-талаптары боюнча алардын ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты берүүгө.
- Банктын кызматтык абалына байланыштуу жеке маалыматтар белгилүү болгон адамдары жана кызматкерлери бул жеке маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди алышат жана жоопкерчилик тартышат. Мындай милдеттенмелер бул адамдардын жеке маалыматтар менен иши аяктагандан кийин да Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык купуялуулук режимин сактоо мөөнөтүнүн ичинде күчүндө калат.
- Эгерде жеке маалыматтар субъект тарабынан атайылап берилсе, же субъекттин күнөөсү боюнча үчүнчү жактарга кокусунан белгилүү болуп калса, Банк жоопкерчилик тартпайт.
- Банк бул маалыматтарды жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз башка кармоочуга (ээсине) төмөнкү учурларда берүүгө укуктуу:
- жеке маалыматтардын субъектисинин кызыкчылыктарын коргоо үчүн өтө зарыл болгондо;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын суроо-талабы боюнча, эгерде суралган жеке маалыматтардын тизмеси суроо-талап берген органдын ыйгарым укуктарына ылайык келсе;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде.
- Жеке маалыматтарды өткөрүп берүүдө жеке маалыматтарды алуучуга бул маалыматтардын купуялуулук режимин сактоо милдети жүктөлөт.
- Жеке маалыматтарды иштетүүчүнүн милдеттери:
- иштетүүчү жеке маалыматтарды Банк менен түзүлгөн келишимдин негизинде иштетет;
- иштетүүчү Банктын тапшырмасы боюнча иштетүү ыкмасына жана каражаттарына карабастан жеке маалыматтарды чогултууну, жазууну, сактоону, актуалдаштырууну жүзөгө ашырышы керек жана жеке маалыматтарды аларга укукка каршы же кокусунан жетүүдөн, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, бөгөттөөдөн, көчүрмөсүн алуудан, берүүдөн, жайылтуудан, ошондой эле жеке маалыматтарга карата башка укукка каршы аракеттерден коргоо үчүн уюштуруучулук жана техникалык чаралардын толуктугун камсыз кылууга тийиш.
- Корутунду жоболор
7.1. Жеке маалыматтарды иштетүүгө тиешелүү болгон, ушул Саясатта чагылдырылбаган бардык мамилелер Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамынын жоболоруна ылайык жөнгө салынат.
7.2. Банк каалаган убакта ушул Купуялуулук саясатынын жоболорун жаңыртууга жана өзгөртүүгө укуктуу. Саясаттын жаңы редакциясынын жоболорунда башкача каралбаса, Саясаттын жаңы редакциясы Банктын маалыматтык ресурстарында жайгаштырылган учурдан тартып күчүнө кирет. Банк Кардарларга эң актуалдуу редакциясы менен таанышуу максатында Купуялуулук жана жеке маалыматтарды иштетүү саясатына үзгүлтүксүз кайрылууну сунуштайт.