Жашыл насыя

Извините, для этой записи нет перевода на Русский язык For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Турак жай шарттарын жакшыртуу — «Жашыл насыя»

 «Жашыл насыя» үй-бүлөнүн жашоо шартын жакшыртууга жана жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Насыя, оңдоп-түзөө процессинде «жашыл» технологияларды колдоно турган кардарларга сунушталат, бул ар кандай энергияны үнөмдөөчү жана экологиялык таза чечимдер болушу мүмкүн. Насыя энергия чыгымдарын азайтууга, таштандыларды жана айлана-чөйрөнүн булгануусун азайтууга арналган.

Программа төмөнкү каржылоо максаттарын камтыйт:

 Үйлөрдүн / батирлердин жашоо шарттарын жакшыртуу, атап айтканда:

  •  Ички жана тышкы дубалдарды жылуулоо;
  • Ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын орнотуу / алмаштыруу;
  • Турак жайларды оңдоо / реконструкциялоо;
  • Энергияны үнөмдөөчү терезелерди орнотуу;
  • Жылытуу системалары;
  • Күн суу жылыткычтарын жана батареяларын орнотуу;
  • Энергияны үнөмдөөчү буу мештерин орнотуу.

Программага кимдер кошула алат?

— эмгек акысын тастыктай алган же бизнес жүргүзүүдөн кирешеси бар аялдар /үй бүлөлөрүнүн жашоо шартын жакшыртуу үчүн аз каржылоого муктаж болгон үй чарбалары;

— 3 же андан көп балалуу аялдар;

— жалгыз бой энелер.

Насыянын валютасы: сом;

Пайыздык чен *: сом менен, жылдык 25,5% дан

Насыянын суммасы:

— жеке насыя берүүдө: 10 000 сомдон 250 000 сомго чейин.

— топтук насыя берүүдө: топтун 1 мүчөсү үчүн максималдуу сумма 200 000 сомдон ашпайт

Насыянын мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин

Камсыздандыруу:

Жеке насыялар үчүн:

  • кыймылсыз мүлк;
  • аралаш (кыймылдуу + кыймылсыз мүлк);
  • 100 000 сомго чейинки насыялар үчүн бир адамдын кепилдиги менен же кыймылдуу мүлктүн күрөөсү боюнча берүүгө жол берилет.
  • 150 000 сомго чейинки насыялар үчүн туруктуу кирешеси бар эки адамдын кепилдиги астында же кыймылдуу мүлктүн кепилдиги менен + туруктуу кирешеси бар бир адамдын кепилдиги менен жол берилет.

Топтук насыялар үчүн:

— топтун мүчөлөрүнүн кепилдиги.

Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары

Эффективдүү пайыздык чен *: сом менен, 28,72% дан

* Акыркы пайыздык чен жана төлөө графиги суралган суммага, насыянын мөөнөтүнө, төлөө жөндөмдүүлүгүнө, коюлган күрөөгө жана башкаларга байланыштуу болот. Сиздин талабыңыз боюнча, Банктын адиси сиз сураган суммага жана жогорудагы шарттарга ылайык, Сизге төлөө графигин берет.