Автонасыя
Унаа эбактан бери эле кол жеткис буюм болбой калган. Ошол эле убакта, унаа көптөгөн кыргызстандыктар үчүн – акча табуу каражаты. Жакшы, бузулбаган транспорт күнүмдүк жашоодо ишенимдүү жардамчы жана өлкөнүн бакубаттуулугунун жана экологиясынын кепилдиги. Эгерде сиз өзүңүзгө унаа тандап алып, аны тез арада сатып алуу үчүн каражат издеп жатсаңыз, сизге Автонасыя кызматын сунуш кылабыз.
✅ Насыянын шарттары:
▶ Валютасы: сом;
▶ Суммасы: 100 000 сомдон жогору;
▶ Колдонулган унаалардын максималдуу суммасы 3 000 000 сом;
▶ Автосалондон жаңы унаалар үчүн эң жогорку сумма 5 000 000 сом;
▶ Пайыздык чени: 21 %дан;
▶ Насыя берүү мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин;
▶ Камсыздоо: сатылып алынуучу унаалар;
▶ Өздүк салым: 36 айга чейин – унаанын наркынын кеминде 20%, 36 айдан жогору – автоунаанын баасынын кеминде 30%.
✅ Маанилүү эскертүүлөр!
✔ Сатып алынган автоунаа Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келинип, бажы каттоосунан өткөрүлгөн болушу шарт.
✔ Сатып алынуучу автотранспорт каражатынын чыгарылган жылы төмөнкү мөөнөттөрдөн ашпоого тийиш:
a. Кытай Эл Республикасында (КЭР) өндүрүлгөн транспорт каражаттары үчүн — 3 жылдан ашпаган (гибрид жана бензин менен иштегендер үчүн — 5 жылга чейин);
b. КМШ өлкөлөрүндө өндүрүлгөн транспорт каражаттары үчүн — 3 жылдан ашпаган;
c. Европа, АКШ жана Япония өлкөлөрүндө өндүрүлгөн транспорт каражаттары үчүн — 15 жылдан ашпаган.
✔ Сатып алынуучу автотранспорт каражаты сол жактан башкарылуучу болушу керек;
Жеке жактар үчүн насыя продуктуларынын пайыздык чендери, тарифтери, жана комиссиялары
*Эффективдүү пайыздык чен: 25,58% дан жогору

