«Бай-Түшүм» Банкы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун 5 жыл бою колдоп келатат

26.07.2018

Sorry, this entry is not available in English. For the sake of viewer convenience, the content is shown below in the alternative language. You may click the link to switch the active language.

Жайлоодогу өнүктүрүү борборлорун колдогондугу үчүн «Бай Түшүм» Банкына, «Бай Түшүм» Банкынын башкармалыгынын төрагасы Максатбек Бейшенбекович Ишенбаевге жана бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдиребиз.

Бай Түшүм» Банкы «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду ишке ашырып жаткан «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору – 2018» долбоорун кезектеги жолу колдоого алды, ал алыскы райондордогу балдарга мектепке чейинки зарыл билимди алууга мүмкүнчүлүк берет.

 

Быйылкы жылы «Бай Түшүм» Банкы жайлоодогу 7 өнүктүрүү борборуна: Баткен областынын «Ак-Шумкар», Талас областынын «Бөбөктай», Нарын областынын «Айзирек» жана «Бирлик – Таазим», Жалал-Абад областынын «Баластан» жана Ош областынын «Кара Булак» балдар бакчаларына зарыл канцеляриялык товарларды, өнүктүрүүчү оюндарды жана окуу куралдарын сатып алууну финансылады. Жайлоодогу балдар бакчалары жай мезгилинде иштейт. Долбоордун алкагында жайлоодо жашаган 170тен ашык бала үй-бүлөдөн алыстабастан ушул борборлордо мектепке даярдануу үчүн жумасына 5 күн 3 сааттан сабактарга барууга жана зарыл билим алууга мүмкүнчүлүк алат. «Бай Түшүм» Банкы жайлоодогу өнүктүрүү борборлору долбоорун биринчи жылы колдоп жаткан жок. Эгерде биз келечекте күчтүү мамлекетти кургубуз келсе, биз азыртан эле пайдубалды түзүп, ресурстарды балдарга жана жаштарга билим берүүгө жумшоого тийишпиз. «Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору менен катар быйылкы жылы банкта жайкы «Банкир мектеби» ишке киргизилди, ал жерде ЖОЖдордун же колледждердин бүтүрүүчүлөрү бир айдын ичинде бухгалтердик эсептин, финансылык талдоонун негиздерин, эсептешүү эсептери жана банк аманаттары, кардарлар менен коммуникациялар, ошондой эле сатуулар боюнча операцияларды жүргүзүүгө үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн алды. «Банкир жайкы мектебин бүтүрүүчүлөр мансабын банкта баштай алат», – деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын башкармалыгынын төрагасы М.Б. Ишенбаев.

 

«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору 2014-жылдан бери ишке ашырылып келатат жана малчылардын балдарына жай мезгилинде мектепке даярданууга мүмкүнчүлүк берет. Ушул демилгенин аркасында балдар жабдылган боз үйлөрдө окуйт. Балдар үчүн ар түрдүү мастер-класстар жана тренингдер уюштурулат – аларды сүрөт тартууга, чет тилдерге, оригамиге, физиканын негиздерине, улуттук оюндарга, бийге жана башка көптөгөн жөндөмдөргө үйрөтүшөт.