Лоялдуулук программа

«Бай-Түшүм» Банкы өзүнүн бардык кардарларын баалайт жана жемиштүү кызматташып келе жаткандыктары үчүн ыраазычылык билдирет.

15 жылдыктын урматына  Банк лоялдуулук программасын ишке киргизди жана абдан берилген кардарларга «Ардактуу кардар» статусун белекке берет.

Жаңы статус салмактуу бонустарды алууга мүмкүнчүлүк түзөт:

  • кийинки ала турган насыяга 1 % жеңилдик;
  • Жетекчи үчүн VISA Gold картасын бир жыл боюу акысыз тейлөө;
  • Эсепти Интернет-банкинг аркылуу акысыз тейлөө (1 жыл).

Юридикалык  жактардын арасынан лоялдуу кардарларды аныктоонун критерийлери:

  • Оң бааланган насыялык тарыхы;
  • Банк менен иштешүүнүн 6 айдан кем эмес тажрыйбасы
  • Эсепте 300 000 сомдон (же чет элдик валютанын эквивалентинде) жогору болгон депозиттик аманаттын/ калдыктын болушу
  • Ар айдагы айлануусу 1 млн. сомдон кем болбогон  активдүү эсептин болушу
  • Айлык маяна долбоорунун болушу.