«Бай-Түшүм» Банкы Чүй облусундагы кызылча өстүрүүчүлөргө багытталган кезектеги каржылоосун февраль айында баштайт

03.02.2016

ААК «Кайыңды Кант» заводу менен өнөктөштүк макулдашуулардын жана нарк түзүмүндөгү каржылоону кеңейтүү боюнча пландардын  алкагында, «Бай-Түшүм» Банкы Чүй облусундагы кант кызылчасын өстүрүшкөн фермер-дыйкандарды кезектеги каржылоону февраль айында ишке ашыра баштайт. Банк үрөн сатып алуу жана өстүрүлгөн түшүмдү өткөрүү боюнча ААК «Кайыңды Кант» заводу менен келишим түзүшкөн кардарларды каржылайт.

«Таттуу түшүм» насыясы кызылча өстүрүүнүн толук циклин каржылоону көздөөдө, бул заводдон үрөндү, жер семирткичтерди, пестициддерди сатып алууну, отоо, сугаруу, жыйноо иштеринин жана кант кызылчасын ташып-жеткирүүнүн акысын төлөөнү өз ичине камтыйт. Каржылоо фермер-дыйкандарга транш менен берилет, бул насыя боюнча пайыздарды төлөөдөгү чыгашаларды кыскартууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Мындан тышкары насыяны берүү боюнча маселе 1-2 күндүн ичинде эле чечилет, ал эми «Кайыңды Кант» заводу менен түзүлгөн келишим  насыя боюнча күрөөнүн 50% катары саналат. GIZ программасы боюнча окуулардан өтүшкөн фермер-дыйкандарга 1% өлчөмүндө жеңилдетүү берилет.

Каржылоо программасынын катышуучусу болушкан фермер-дыйкандар жер семирткичтерди, пестициддерди сатуу жана агротехникалык тейлөөлөрдү көрсөтүү иштерин алып барышкан  программанын өнөктөштөрү «Байжер» ЖЧКсы, «Жанар-Групп» ЖЧКсы жана «Трейд-Агро» ЖЧКсы берүүчү жеңилдиктерди колдоно алышат.

Каржылоонун шарттары жана программанын өнөктөштөрү жөнүндөгү кеңири маалыматты:  https://www.baitushum.kg/ru/retail-banking/loan-products/sweet-loan/ электрондук дареги боюнча таба аласыздар.

  «Кайыңды-Кант» ААКсы жөнүндө кыскача маалымат:

«Кайыңды-Кант» ААКсы бүгүнкү күндө ак кантты өндүрүүчү Кыргызстандагы жалгыз ишкана болуп саналат. Заводдун кубаттуулугу суткасына 3 000 тонна кант кызылчасын иштетүүгө мүмкүнчүлүк берет.  «Кайыңды-Кант» ААКсы кант кызылчасын кабыл алуу боюнча Чүй облусунда жайгашкан сегиз кабыл алуучу жайдан кызылчаны кабыл алууну жүргүзөт.