НаЛИЧНЫЕ

2-2-9

«НаКТАЛАЙ» насыясы – бул бардык пландарды иш жүзүнө ашыруу үчүн эң сонун чечим. Каалаган максаттарды, анын ичинде оңдоолорду жүргүзүүнү, эмерек, тиричилик техникаларын сатып алууну же окуу үчүн акысын төлөөнү каржылоо үчүн жөнөкөй чечим.

Насыя берүү шарттары:

  • Насыянын суммасы: 300 001 ден 2 млн. сомго чейин (чет эл.валютадагы экв.)
  • Насыянын мөөнөтү: 3 айдан 36 айга чейин
  • Пайыздык чени*: сом менен – 28% жогору, АКШ доллары менен – 21,5% жогору
  • Насыя боюнча камсыз кылуу: кыймылсыз мүлк, кыймылдуу мүлк, 2 адамдын кепилдиги менен (500 000 сомго чейинки насыялар боюнча),кошулган (комбинирленген) (кыймылсыз + кыймылдуу мүлк). Кыймылсыз мүлктүн үлүшү зайымчынын рейтингине жараша болот.

 Зайымчыга карата талаптар:

  • Ж.И., бизнестин менчик ээсинин жашы – 18 ден 65 жашка чейин
  • 6 айдан кем эмес иштеген тажрыйбасы
  • Насыялык оң таржымалы

Керектүү документтердин тизмеси:

  • Зайымчынын, жубайынын жана кепилдердин (андайлары болсо) паспортунун көчүрмөсү
  • Күрөө коюучу менен анын жубайынын (күрөө коюучу – үчүнчү жак болсо) паспортунун көчүрмөсү
  • Зайымчынын (жана күрөө коюучунун, андайы болсо) үй-бүлөлүк абалы тууралуу документтери
  • Акыркы 12 айдын ичиндеги кирешелери тууралуу справка (үзгүлтүксүз стажы – 6 ай)
  • Ж.И. каттоосу тууралуу күбөлүгү же патенти (ж.и. үчүн)
  • Күрөөгө бериле турган кыймылсыз мүлктүн документтери (техпаспорту, укук түзүүчү документтери, тыюу салынышынын жоктугу тууралуу справкасы).
  • Күрөөгө бериле турган кыймылдуу мүлктүн документтери (бар болсо)
  • Кепилдердин (андайлары болсо) кирешелерин тастыктоочу документтери

* натыйжалуу пайыздык чени:  сом менен  31,82% жогору, АКШ доллар менен 23,70% жогору

**Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды. Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык төлөө тартибин сунуштайт.