Жаркын Жашоо

1-2-jarkyn-jashoo

Сиз көптөн бери жашоо-турмуш шартыңызды оңдоону пландаштырып келесиз, бирок ага Сиздин каражаттар жетишсиз болуп жатабы? «Жаркын жашоо» аталышында жеңилдетилген насыя атайын Сиз үчүн. Жакшы шартта жана ыңгайлуу жашоого убакыт келди! Германия өнүгүү банкынын (KfW) багыты боюнча жеңилдетилген насыялоонун атайы программасы турак-жай сатып алууга, жаңы үй курууга же үйдү оңдоого Сизге жардам берет.

Насыя берүүнүн шарттары:

  • валютасы: сом
  • географиясы: Ош жана Бишкек шаарларынан тышкары, баардык аймактарда
  • пайыздык чени: жылдык 19% (натыйжалуу пайыздык чен 20,62%дан жогору түзүлөт*)
  • комиссиясы: насыянын суммасынан 1%
  • суммасы: 50 000 ден 900 000 сомго чейин
  • биринчи мүчөлүк акча: 20% дан 30% чейин (менчик мүчөлүк акча катары акча каражаттар гана эмес, жер тилкесинин наркы, курулуш материалдары жана жумушчу күчү да чыга алат).
  • 30% салымды чогултуу үчүн аманат ачуу керек
  • насыялоо мөөнөтү: 1 жылдан 10 жылга чейин
  • камсыз кылуу: кыймылдуу мүлк жана кепилдик, кыймылсыз мүлк

Зайымчыга карата талаптар:

  • жашы – 18-65 жаштан эрте эмес. Насыя бериле турган зайымчынын максималдуу жашы, насыяны акыркы тындыруу мөөнөтү анын пенсиялык жашына жетүүгө чейин 1 жылдан кем эмес болуп аныкталышы керек.

Негизги документтердин тизмеси:

  • зайымчынын, зайымчынын жубайынын каттоосу менен паспортторунун көчүрмөлөрү
  • никеси жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү
  • акыркы 12 ай үчүн (андайы болсо) эмгек акысы жөнүндө справкасы (аныктамасы)
  • үй-бүлөсүнүн кирешелеринин (андайы болсо) өлчөмдөрүн тастыктоочу башка документтери
  • ишкердик иш-аракеттерин (андайы болсо) тастыктоочу документтери: патенттери, жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүгү (андайы болсо)
  • күрөөгө карата керектүү укуктарын түзүүчү документтери

Ишкерлер үчүн кошумча документтер:

  • патенти же жеке ишкердин каттоосу тууралуу күбөлүгү
  • иштеген тажрыйбасын тастыктоочу документтери

* натыйжалуу пайыздык чени:  20,72%

**Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды.  Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык  төлөө тартибин сунуштайт.

«Бай-Түшүм” Банкынын жакынкы кеңсесинин дарегин жана байланыш телефондорун Сиздер «Байланыштар » бөлүгүнөн таба аласыздар же (312) 905 805 телефону боюнча Банктын Call-центринен билсеңиз болот.