Экспресс насыя

2-2-3

Бизнести кеңейтүү үчүн тез чечим. Кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу менен жана кепилдик менен 3 күндүн ичинде бериле турган насыя.

Насыя берүү шарттары:

  • Насыянын суммасы: 150 001 ден 500 000 сомго чейин (чет эл.валютадагы экв.)
  • Насыянын мөөнөтү: 3 айдан 18 айга чейин
  • Пайыздык чени*: сом менен – 35,74% , АКШ доллары менен – 28,5%
  • Насыя боюнча камсыз кылуу: кыймылдуу мүлк, күйөөсүнүн/аялынын жана жеке жактын кепилдиги

 Зайымчыга карата талаптар:

  • Жашы 22 ден 55 жашка чейинки жеке жак
  • Каржылоо тармагында 3 айдан кем эмес иштеген тажрыйбасы
  • Кыймылсыз мүлкүнүн бар болушу
  • Насыялык оң таржымалы

 Керектүү документтердин тизмеси:

  • Зайымчынын, жубайынын, кепилдин паспортунун көчүрмөсү
  • Күрөө коюучу менен анын жубайынын (күрөө коюучу – үчүнчү жак болсо) паспортунун көчүрмөсү
  • Зайымчынын (жана күрөө коюучунун, андайы болсо) үй-бүлөлүк абалы тууралуу документтери
  • Каржылоо тармагында 3 айдан кем эмес иштеген тажрыйбасын тастыктоочу документтери
  • Күрөөгө бериле турган кыймылдуу мүлктүн (андайы болсо) документтери, күрөөгө бериле турган ТМЗ описи
  • Кардардын (же жубайынын) менчигинде кыймылсыз мүлкү бар экендигин тастыктоочу документтери
  • Бизнес боюнча баштапкы документтеринин көчүрмөлөрү
  • Акыркы 12 айдын ичинде кепилдин кирешелерин тастыктоочу документтери
  • Кепилдик берүүгө карата кепилдин күйөөсүнүн/аялынын макулдугу

* натыйжалуу пайыздык чени:  сом менен  41,65%,  АКШ доллар менен 32,49%

**Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды.  Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык  төлөө тартибин сунуштайт.