“Бай-Түшүм” Банкы эл аралык “Кардарларды коргоонун Принциптерине” дал келген сертификатын алган Кыргызстандагы эң биринчи жана азырынча жападан-жалгыз банк болду

03.06.2014

SMART Campaign компаниясы “Бай Түшүм” Банкын кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун 7 принцибине, 30 стандартына жана 95 индикаторуна толук дал келген жана аны өз ишмерчилигинде турмушка ашырып жаткан уюм катары расмий тааныды.

Дал келүүгө сертификациялоо эл аралык MicroFinanza Rating рейтинг компаниясы тарабынан банктын ички нормативдик документтерин, Банктын ишмерчилигин жана ошондой эле корпоративдик маданиятты тереңдеп талдоонун негизинде жүргүзүлдү,

Bai-Tushum-Bank_certificate

“ Бай Түшүм” Банкы 13 жылдан бери кардарлар менен, алардын кызыкчылыктарын башкы орунга коюу менен өз ара ишенимдин, урматташуунун жана өнөктөштүктүн негизинде мамиле түзүп келет. Банк өз ишинин бардык тарабында кардарлардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун принциптерин жайылтууну көздөйт. “Кардарларды коргоонун Принциптерине” дал келген эл аралык сертификат Банктын социалдык-жоопкерчиликтүү каржылоого багыт алгандыгын жана кардарлардын талаптарына туура келген банк продуктыларын жана тейлөөлөрдү сунуш кылууну көздөгөндүгүн дагы бир жолу далилдеп турат”- деп белгиледи “Бай Түшүм” Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева

MicroFinanza Rating эл аралык рейтинг компаниясынын эксперттери өз отчетторунда Банк өз ишмердүүлүгүндө кардарлардын төлөм жөндөмдүүлүктөрүн баалоодо эл аралык эң мыкты практиканы колдоноорун жана финансылык тейлөөлөр тармагында жоопкерчиликтүү жана ачык-айкындуулук практикасын жайылтып жаткандыгын белгилешти.

Маалымат иретинде: Smart Campaign – базалык маданиятка жана микрофинансылык уюмдардын күндөлүк ишмерчилигинде кардарларды коргоо практикасын жайылтууну көздөгөн эл аралык компания. Smart Campaign компаниясынын жетектөөчү комитетине ар кандай аймактардын жана уюмдардын өкүлдөрү болушкан микрофинансылык тармактын кадыр-барктуу лидерлери киришкен.