“Жеткиликтүү турак жай” программасы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жеткиликтүү турак жай: 2015-2020» Программасынын алкагында Ипотекалык насыялоо. Бул программанын алкагында бюджеттик уюмдардын кызматкерлери даяр турак жайды сатып алуу, көп батирлүү турак үйдүн үлүштүк курулушуна  катышуу, же өздүк жер тилкесинде жекече үй куруу үчүн ипотекалык насыя ала алышат.

Ким ушул программанын катышуучусу боло алат?

Жеке жактар— мамлекеттик мекемелердин төмөнкү критерийлерге туура келген кызматкерлери:

Акыркы иштеп жаткан жериндеги иш стажы 1 жылдан кем эмес, же жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес

Өзүнүн жана жубайынын, жашы жете элек балдарынын  менчик үйү болбогон учурда

  • Программага катышууга арыз берген учурга чейинки акыркы 3 жылдын аралыгында турак жайга байланышкан жарандык-укуктук  иштер жүргүзүлбөгөн учурда
  • Катышуучунун төлөм жөндөмдүүлүгү
  • Оң бааланган насыялык тарыхы

Насыянын максаттуу багыты

  • Турак жай сатып алуу:
    • Көп батирлүү үйлөрдөгү батирдин жалпы аянты 80 чарчы м. көп болбогон учурда
    • Жекече турак үйдүн жалпы аянты 150 чарчы м. көп болбогон учурда
  • Көп батирлүү турак үйдүн үлүштүк курулушуна катышуу, же пайдаланууга бериле элек көп батирлүү үйлөрдөн даяр батирди сатып алуу
  • Жашаган жери боюнча жер тилкеси бар болсо, анда жекече турак үйдү куруугаИпотекалык  насыяны берүүнүн шарттары
  • Насыянын мөөнөтү 15 жылга чейин, эгерде турак жай жекече курулган учурда  18 айдан көп эмес мөөнөткө насыялык багыт ачылат
  • Насыянын суммасы: 200 000 – 3 000 000 сом
  • Насыянын валютасы: –КРнын сому менен гана
  • Насыянын үстөк чени:
  1. Пайдаланууга даяр болгон турак жайды сатып алуу:
    • Жекече салымы 10% дан 20% га чейин болсо, жылдык 10%
    • Жекече салымы 21% дан 30% га чейин болсо, жылдык 9%
    • Жекече салымы 31% жана андан жогору болсо,  жылдык 8%
  2. Турак жайды куруу
  • Жекече салымы турак жайдын сметалык наркынын 20% дан кем эмес болсо, жылдык 12%. Турак жайдын курулушу бүтүп, пайдаланууга берилгенден кийин пайыздык үстөк чен насыянын мөөнөтү аяктаганга чейин жылдык 8% өлчөмүндө бекитилет.
  • Программанын алкагында алынып жаткан турак жайды милдеттүү түрдө камсыздооНасыя алуучуларга коюлуучу талаптар:
  • Ипотекалык насыя алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн насыя алып жаткан убактагы  жаш курагы 25 жаштан жогору жана ипотекалык насыянын акыркы суммасын төлөп жаткан убакта 65 жашка чейин болууга тийиш.
  • Туруктуу киреше болууга тийиш. Кошумча киреше катары айлык маянаны/бизнестин бардык түрүн, көмөкчү чарбаны санаса болот.
  • Жекече турак жай кура турган болсо, анда үйдүн курулушунун сметасы болууга тийиш.
  • Туруктуу кирешеси бар жана кыймылсыз мүлккө ээ болгон 1 адам кепилдик берүүчү боло алат.
  • 3 же 6 айлык ишкерчилик ишинин тажрыйбасы (болгон учурда).

  Документтердин тизмеси:

  • Насыя алуучунун жана анын жубайынын, кепилдик берүүчүнүн, анын жубайынын (болгон учурда) жана күрөө берүүчүнүн, /эгерде күрөө берүүчү үчүнчү жак болгон учурда/,  паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • Насыя алуучунун жана күрөө берүүчүнүн (болгон учурда)  үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү документтери;
  • Жубайынын  үйдү күрөөгө коюуга нотариалдык жактан бекемделген макулдугу;
  • Турак жайдын учурдагы ээсинин (сатуучунун) паспортунун көчүрмөсү жана сатуучунун жубайынын турак жайды сатууга нотариалдык жактан бекемделген макулдугу;
  • Арыз берүүчүнүн, кепилдик  берүүчүнүн киреше алуусун бекемдеген документтер. Мында, акыркы иштеп жаткан жерден /учурда/ 1 жылдан кем эмес, же жалпы эмгек стажы 3 жылдан кем эмес болууга тийиш.
  • Ишкерчилик иште 3 айлык иш тажрыйбасын тастыктаган документтер;
  • Күрөөгө бериле турган кыймылсыз мүлктүн документтери (техпаспорт, укук берүүчү документтер, мамлекеттик каттоо кызматынан  тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү справка);
  • Бирдиктүү мамлекеттик укук реестринен кыймылсыз мүлк бирдигине чектөө коюлгандыгы, же коюлбагандыгы жөнүндөгү выписка;
  • Кыймылсыз мүлк боюнча Бирдиктүү маалымат тармагынан (ЕИСН) Кыргыз Республикасынын аймагында ипотекага байланыштуу акыркы 3 жылдын аралыгында  мурда катталган укуктар жөнүндөгү  справка
  • Жекече турак жай куруу учурунда жер тилкесине болгон жеке менчикке укук жөнүндөгү Мамлекеттик акт;
  • Курулуп жаткан турак жайдан батир ала турган учурда, үлүштүк катышуу жөнүндөгү Келишим.
  • Насыяны берүүнү колдоо Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан бекемделет,  эгерде негиздүү себептери болгон учурда насыя берүүдөн баш тартууга да  компаниянын укугу бар.

Ипотекалык насыяны алуу үчүн келишимдерди даярдоого, каттоого  жана камсыздандыруу боюнча, ошондой эле  КИБге жөнөтүлүүчү суроолор үчүн  чыгымдарды насыя алуучу өзү төлөйт.  

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай-2015-2020»   Программасына  кошулуунун шарттары жөнүндөгү кеңири маалыматты Сиздер төмөнкү ссылка боюнча таба аласыздар:   http://gik.kg/

* натыйжалуу пайыздык чен:

  1. Пайдаланууга даяр турак жайды сатып алуу:
    • Жеке салымы 10% дан 20% болгон учурда- жылдык 10.47%
    • Жеке салымы 21% дан 30% болгон учурда  жылдык 9.38%
  2. Жеке салымы  31%  жана андан жогору болгон учурда-  жылдык 8.30%
  3. Турак жайды куруу
    • жеке салымы турак жайдын сметалык наркынын 20%дан кем эмес учурунда- жылдык 12,68% 

**Пайыздык чен өлчөмү жана насыяны төлөөнүн графиги суралган суммага, насыянын мөөнөтүнө, алуучунун төлөм жөндөмдүүлүгүнө, коюлган күрөөгө ж.б. жараша болот. Сиздин сурооңуз боюнча сатуулар боюнча адис Сиз сураган суммага жана жогоруда көрсөтүлгөн шарттарга ылайык   Сизге насыяны төлөөнүн графигин берет.