Энергосарамжал

icon-energo

«Энергосарамжал» насыясы Сиздин үйүңүздө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жылуулукту сактоочу терезелерди, жылыткычтарды орнотуу, дубалдарды, чатырларды жана полду жылуулоо үчүн пайдалуу каржылоону алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

KYRSEFF программасынын алкагында «Энергосарамжал» насыясы: Бардык иште жеңишке умтулгандар үчүн!

Программа төмөндөгүлөрдү каржылай алат:

  • энергосарамжалдуу терезелерди, кирип-чыгуучу эшиктерди
  • жылуулукту сактоочу дубалдарды, лоджияларды, балкондорду, полду, шыпты, чатырды, жер төлөлөрдү ж.б.
  • биомасса/каттуу отун жагылуучу жогорку КПД мештерин орнотууну
  • күн энергиясы менен суу жылыткычтарды орнотууну,
  • жылуулук насосторун сатып алууну
  • фотоэлектр жабдууларын алууну
  • жогорку КПД газ котелдорун орнотууну
  • жылытуучу функциясы бар кондиционерлерди орнотууну.

 Насыяны кимдер ала алышат?

  • Жеке жактар
  • квартиралардын өзүнчө ээлеринин топтору,
  • турак жай ээлеринин топтору
  • Кондоминиумдар

Насыя алуучуга коюлуучу талаптар:

  • Жаш курагы – 18 жаштан 60 жашка чейин
  • Туруктуу кирешесинин болушу
  • Насыя алуудагы оң бааланган тарыхы (эгер болсо)
  • Акыркы жумуш ордунда 6 айдан кем эмес иш стажы
  • Ишкерчилик багыгытындагы 3 же 6 айдан кем эмес тажрыйбасы

Жеке жактар үчүн негизги  шарттар:

  • Валюта: сом
  • Жылдык пайыздык үстөгү/ставкасы: жылдык 30% *
  • Насыянын суммасы: 20 000 сомдон 1 млн. сомго чейин
  • Насыялоо мөөнөтү: 3 айдан  5 жылга чейин
  • Жекече салым: талап кылынбайт
  • Күрөөлүк камсыздандыруу:
    – кыймылсыз мүлк
    – аралаш: кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк
    -150 миң сомго чейинки насыялар боюнча кыйылдуу мүлктү күрөөгө коюу жана эки 2 адамдын кепилдиги алдында берилиши мүмкүн;
    – мөөнөтү 12 айдан көп эмес  150 миң сомго чейинки насыялар боюнча эки адамдын кепилдиги алдында берилиши мүмкүн;
    – топтук насыяны каттоо учурунда күрөө талап кылынбайт.
  • Камсыздандыруу: талап кылынбайт

 Керектүү документтердин тизмеси:

  • Насыя алуучунун жана анын жубайынын паспортунун көчүрмөсү
  • Нике тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү
  • иштеген жеринен акыркы 12 айдагы кирешесинин өлчөмү жөнүндөгү справка
  • Күрөөгө коюлуп жаткан кыймылсыз мүлктүн документтери (техпаспорт, укук берүүчү документтер,  мамлекеттик регистрден тыюу салынбагандыгы жөнүндөгү справка)
  • Үй-бүлөлүк кирешесинин өлчөмүн тастыктаган башка да документтер (зарыл болгон учурда)

 «Энергосарамжал» насыясын кантип алууга болот?

  • Грантты алдын-ала эсептеп чыгуу үчүн обьектти жылуулоонун сметасын түзүңүз
  • Материалдардын жана жабдуулардын тизмесин даярдаңыз
  • www.Kyrseff.kg сайтында жайгаштырылган тизмеден керектүү болгон жабдууларды жана материалдарды тандап алыңыз
  • Курулуш боюнча тейлөөлөрдү көрсөтүүчү, материалдарды жана жабдууларды сатуучулар менен байланышып, бааларды тактап чыгыңыз
  • «Бай Түшүм» Банкынын жакын жердеги офисине кайрылыңыз, же (312) 905 805 —  байланыш телефонуна чалыңыз, Банктын адистери Сизге насыя алуунун шарттары жана тартиби тууралуу кеңири айтып беришет

 

**Натыйжалуу пайыздык үстөгү/ставкасы: жылдык 34,47%

***Пайыздык чени жана төлөө тартиби суралган насыянын өлчөмүнөн, мөөнөтүнөн, төлөө жөндөмдүүлүгүнөн, каралган күрөөдөн көз каранды.  Сатуу боюнча адис сиз сураган суммага ылайык  төлөө тартибин сунуштайт.

Бардык суроолор боюнча Банктын байланыш борборуна: 312) 905 805 телефону боюнча кайрылыңыздар.