«Бай-Түшүм» Банкы эл аралык VISA төлөм карталарын чыгарууну жана тейлөөнү баштады«Бай-Түшүм» Банкы эл аралык VISA төлөм карталарын чыгарууну жана тейлөөнү баштады

03.08.2015

«Бай-Түшүм» Банкы эл аралык VISA төлөм тармагынын ассоциацияланган катышуучусу болду жана эл аралык VISA Electron,  Classic, Gold, Business жана Prepaid карталарын чыгаруу жана тейлөө ишин баштады.

Бул жаңы продуктунун ишке берилиши Банкка өзүнүн продуктулук багытын алда канча кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берди,  мунун натыйжасында банктык тейлөөлөрдү колдонуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланышкан калктын ар кандай катмарынын саны өстү. Өлкөбүздүн бардык аймактарында жашашкан Банктын кардарлары үчүн Кыргызстандын аймагында эле эмес, дүйнөнүн бардык булуң-бурчу боюнча товарлар жана ар кандай тейлөөлөр үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүнүн оңой жана коопсуз жаңы мүмкүнчүлүгү пайда болгондугун белгилөө маанилүү.

 “ 15 жылдык мааракебиздин алдында биз эл аралык VISA төлөм тармагынын ассоциацияланган катышуучусу болгондугубузга кубанабыз. Эми мындан ары “Бай Түшүм” банкынын кардарлары да VISA карталарын пайдалануунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун баалоого мүмкүнчүлүк алышты. Биздин банк  VISA карталарынын өлкөбүздүн бардык аймактарына жайылышына өзгөчө көңүл бура тургандыгын белгилегим келет, себеби бул Кыргызстан дүйнөлүк биримдикке активдүү аралашып бара жаткан бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкын финансылык жактан тартуунун деңгээлин көтөрүүнүн эң сонун мүмкүнчүлүгү деп эсептейбиз”,-деп айтты “Бай Түшүм” банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

“Бай Түшүм” Банкынын VISA карталары товарлар жана тейлөөлөр үчүн төлөөлөрдү гана жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзбөстөн, Кыргызстандын аймагында картадан картага акча которууларды, Интернет аркылуу сатып алууларды жүргүзүүгө, коммуналдык кызматтын акысын төлөөлөрдү, мобилдик байланыш, Интернет, теле көрсөтүү ж. б. тейлөөлөр үчүн төлөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. “Бай Түшүм” Банкынын VISA карталарына ар күнкү калдыктарга жылдык 5%  чегериле тургандыгын жана кыска мөөнөттүү насыя, овердрафт алуу мүмкүнчүлүгү каралгандыгын белгилей кетүү маанилүү.

VISA Business картасы администрациялык-чарбалык, командировкалык, атайын расмий жана башка чыгымдардын эсебин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзгөндүгүнө байланыштуу мекеме-уюмдар үчүн өзгөчө пайдалуу. Ал эми VISA Gold Премиум картасынын ээлери  эл аралык VISA төлөм тармагы берүүчү артыкчылыктардан, бонустардан, жеңилдиктерден пайдалана алышат.