«Бай-Түшүм» Банкы бардык Кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 70 жылдык майрамы менен куттуктайт!

08.05.2015

Ушул улуу майрам күнү биз, фронтто жана тылдагы оор сынактуу күндөрдө, өзүнүн күчүн жана өмүрүн аябастан, Улуу Жеңишке жетишкен жана бизге тынчтыкты белек кылган адамдарга биз чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана жылуу сый алкыш арнайбыз. Ушундай жарык жана кубанычтуу Жеңиш майрамы бардык кыргызстандыктар үчүн биримдиктин, боорукердиктин жана өркүндөп өсүүнүн символу болсун!