9-май – Жеңиш күнүнө карата Компания кайрымдуулук акциясын өткөрдү

14.05.2012

Бүтүндөй Кыргызстан боюнча «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын филиалдарында Жеңиш Күнүнүн – улуу майрамдын урматына Улуу Ата Мекендик Согуштун ветерандарын кадырлап майрамдатты.

Улуу Ата Мекендик Согуш – биздин тарыхта ураандуу көрүнүш, бул биздин жалпы тарых, бул тууралуу биз, Компаниянын кызматкерлери, ар дайым эстейбиз жана, бүгүнкү күндө биз бардыгыбыз турмуш жана эркиндик менен биздин ырахаттануубуз үчүн  качандыр бир мезгилде биз үчүн эрдик жасаган, өздөрүн курмандыкка чалгандарды колдоо үчүн материалдык жана моралдык жактан колдоого аракет кылабыз.  Бул калктын социалдык жактан корголбогон катмарын колдоого багытталган, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАКнын социалдык миссиясынын бөлүгү гана эмес,  бул Улуу Ата Мекендик Согуштун биздин улуу урматтуу ветерандарга ыраазычылык билдирүү алымы жана биздин жаркыраган келечегибиз үчүн өмүрүн каармандык менен бергендерге эстелик алымы.

Ушул жылы Бишкек шаарындагы куттуктоо акциясынын чегинде «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы, Бишкек шаарынын Ленин жана Свердлов райондорунда жашап жаткан ветерандарына, ошондой эле Бишкек шаарынын Ленин районунун майыптар Коомунун мүчөлөрүнө жана «Ата мекендин фронтовиктери» АКнын мүчөлөрүнө кайрымдуулук жардам көрсөттү.   Ал эми республиканын аймактарын алсак,  андай жардам менен республиканын бардык райондук борборлорунда жашап жатышкан Улуу Ата Мекендик Согуштун ветерандары жана тылдык эмгекчилери камтылды.

Жардамдар, акчалай түрдө 1 000 сомдон, же чай, өсүмдүк майы, кант, эт, печенье, сүт, тушенка, күрүч, конфеттер жана башкалар кирген тамак-аш продуктыларын өзүнө камтыган продукттук пакеттер менен жардам көрсөтүлдү.   Белектер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан уюштурулган шаардык иш чараларында тапшырылды, айрымдарына жеке өздөрүнө жеткирилди. Кайрымдуулук акциясы тарабынан бардыгы болуп, бүтүндөй республика боюнча Улуу Ата Мекендик Согуштун 329 ветерандары жана тылдык эмгекчилери камтылды.