Бишкекте экономикалык журналистиканын клубу иштей баштады

26.07.2018

http://kabar.kg/news/v-bishkeke-nachal-rabotat-klub-ekonomicheskoi-zhurnalistiki/

Эл аралык иштиктүү Кеңеш (Международный деловой Совет – МДС) 24- июлда экономикалык журналистика Клубунун «Сандарды кантип окуса болот: стат маалыматтарды талдоо, финансылык отчеттуулук» темасына арналган биринчи модуль өткөрдү.

Программанын катышуучуларынын алдына саламдашуу сөзү менен ЖАК «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын Төрагасы Максатбек Ишенбаев чыгып сүйлөдү.

Capital (Кыргызстан) медиа компаниясынын жана «Кыргызстан маалыматтар мектеби» Коомдук Фондунун маалыматтарды визуализация багыты боюнча эксперттери клубдун катышуучуларына сандарды «кантип туура окуу» керектигин жеткиликтүү тил менен кызыктуу түрдө түшүндүрүштү жана билимди практикалык окуулар түрүндө бекемдешти.

«Бай Тұшұм» банкынын адистери кошумча нарк чынжырчасы аркылуу аймактык  экономиканы кандайча өнүктүрүүгө боло тургандыгы жөнүндө айтып беришти, ал эми Кыргыз фонд биржасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Тилек Эралиев листинг деген эмне жана ал КФБга эмне үчүн керек экендигин түшүндүрүп берди.

«Экономикалык журналистиканын Клубу» долбоору Кыргызстандагы АКШнын Элчилигинин колдоосу менен ушул жылдын июль айында иштей баштады.

Конкурска катышууга экономика жана бизнес багытында өз билимдерин жогорулатууну каалагандардын баардыгы чакырылган болчу. Иштеп жатышкан журналисттер, фрилансерлер жана өз иштерин жаңы гана башташкан журналисттер катышуу үчүн арыздарын беришкен.  Компетенттүү комиссия жыл аягына чейин окуу программасынан  өтүшө турган 30 катышуучуну тандап алды. Программа тренингдерди, өлкөбүздүн аймактарында жана Бишкекте жайгашкан алдыңкы ишканаларга барууну жана  бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен боло турган пленардык дискуссияларды өз ичине камтыган төрт этаптан турат. Катышуучулардын эң мыкты иштеринин конкурсу Программанын жыйынтыгы болуп эсептелмекчи.

«Эл аралык иштиктүү Кеңештин мүчөлөрүнүн кайсы бир көйгөйлөрдү чечүүсү боюнча иштөө менен, инвесторлор жөнүндөгү ой-пикирди ММКлардагы маалыматтар калыптандыра тургандыгына бир канча жолу ишенгенбиз. Муну мойнубузга алуу менен, биз өлкөбүздөгү инвестициялык климатты объективдүү чагылдырууга жардам берүүнү жана ийгиликтүү иштердин тарыхын көрсөтүүнү чечтик»,- деп клубду түзүүнүн себебине түшүндүрмө берди МДСтин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

Клубду түзүүнүн дагы бир себеби эксперттер жана бизнес-коомчулук менен ММКлардын байланыштарын кеңейтүүнүн зарылчылыгы болду.

«Бизге экономика жана инвестиция тармагындагы жүрүп жаткан иштерге түшүндүрмө берүү боюнча көп кайрылышат,- деди Аскар Сыдыков. – Мында алар бизнес менен байланыштын жетишсиз экендигине доомат коюшат. Ушул себептен улам, биз бул клубду түзүүнү чечтик, ал бир эле убакта бир нече көйгөйлөрдү, анын катарында журналисттердин кесиптик сабаттуулугун жогорулатуу, ММКлардын бизнес, эксперттер жана башка ар кандай уюмдар менен байланышын жөнгө салуу көйгөйлөрүн чече алат деп ишенем. Келечекте биз бул клубду журналисттер үчүн эле эмес, өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө кызыккан бардык адамдар үчүн туруктуу аянтчага айлантабыз деп ойлойм. Клубдун маалыматтык аянтчасында блогерлер өз ара пикир алмашып, ошондой эле бизнес чөйрөсү жана эксперттер менен байланыш түзө алышат. Биз мүмкүнчүлүгүбүздүн болушунча бул платформаны колдоого алабыз».

«Бул клубду түзүү менен биз, натыйжасында өлкөбүзгө инвесторлорду тартууга жакшы таасирин бере турган, демек өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө да түрткү болгон экономикалык темаларды обьективдүү чагылдырууга жардам бергибиз келет»,- деп оюн жыйынтыктады МДСтин аткаруучу директору.