«Бай-Түшүм жана Партнерлор» банкы эсеп ачпастан UNIstream эл аралык акча которуулардын системасын ишке киргизди

20.05.2013

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы 2013-жылдын 16-майынан тартып UNIstream акча которууларынын Эл аралык төлөм системасы боюнча тез акча которууларды алуу жана жөнөтүү боюнча кызматын ишке киргизди. Банктын кардарлары Россиянын каалаган точкасына жана жакынкы чет өлкөлөргө, банктан эсеп ачпастан, акча которууларды жүргүзө алышат.

Которуулар Россия боюнча, КМШ өлкөлөрүнө, алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө жүргүзүлөт. Алуучу которулган акчаларды которуу жүргүзүлгөн валютада: АКШ долларлары, евро жана россиянын рублдеринде ала алат.

Которуунун минималду жана максималдуу суммаларына чек жок. UNIstream акча которууларынын Эл аралык төлөм системасы боюнча которуу үчүн комиссия, багытына жараша, сумманын 1% дан жогоркуну түзөт.

Маалымат үчүн:
UNISTREAM акча которууларынын Эл аралык төлөм системасы – Россияга жана КМШ өлкөлөрүнө жеке жактар үчүн акча которууларды тез жөнөтүүнүн бирден бир эң популярдуу системасы. Россияда, Өзбекстанда, Кыргызстанда, Казахстанда, Молдовада жана Украинада Unistreamдин пункттарынын жайылган тору бар. Андан тышкары, анын Кипрде, Улуубританияда, Германияда жана Грецияда тейлөө боюнча өзүнүн менчик пункттары бар. Бүгүнкү күндө UNISTREAM акча которуулар системасы, дүйнөнүн 100 өлкөлөрүнөн 300 000 ден ашык пункттарда акча которууларды жөнөтүүгө жана алууга мумкүнчүлүк түздү.

ЖАК «Бай –Түшүм жана Партнерлор»  МФ  банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.