«Бай-Түшүм» Банкы өзүнүн негизги кызматкерлери үчүн «Биздин колубуздан бардыгы келет»  деген аталыштагы шыктандыруучу  тренингин өткөрдү

01.04.2016

«Бай-Түшүм» Банкы Башкы офистин жана Бишкек, Нарын, Каракол, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Талас филиалдарынын 400дөн ашуун негизги кызматкерлери үчүн  шыктандыруучу  тренингин өткөрдү.

Тренинг – өлкөбүздүн экономикасындагы жаңы шарттардын жана жаңыча мамилелердин тушунда  кызматкерлерди ишке шыктандыруу максатын көздөгөн. Ал персоналдарды алга сүрөп, алардын ой жүгүртүүсүнүн алкагын кеңейткен  кубаттуу энергетикага жана үлгүлүү мисалдарга бай болду. Тренинг ар бир катышуучуга биздин колубуздан бардыгы жана көп нерсе келе тургандыгын эң сонун түшүндүрө алды.

Лайф-коучинг- топтук талкуунун башкы каармандары болушкан кызматкерлер, алардын иш тажрыйбасы, алар аздектеген нерселер жана алардын мүмкүнчүлүктөрү маектешүүнүн өзөгүн түздү. Практикалык мисалдар жана биргелешкен милдеттерди чогуу чечүү тренингдин маанисин тереңдетип, катышуучулардын жашоосун талдоо жана  ага баа берүү үчүн жакшы түрткү берди жана ар ким өз максатына жетүүнүн, өз милдетин аткаруунун жолун аныктоого мүмкүнчүлүк алышты.  Шыктандыруучу тренингдин башкы чакырыгы жана негизги сөзү – АРАКЕТТЕНҮҮ!!!

Тренингди салтанаттуу маанайда ачуу үчүн өзгөчө мейман – сүрөөчү спикер, оратор-шыктандыруучу, Эл аралык «Роза Отунбаеванын демилгеси» коомдук фондунун негиздөөчүсү, КМШ өлкөлөрүнүн Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу (МФГС) фондусунун КРдагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Отунбаева Роза Исаковна чакырылган. Роза Исаковна- турмуштук өтө бай тажрыйбасы бар, залкар кесипкөй, ой жүгүртүүнүн образын жаңыча нукка бурууга жөндөмдүү жана жашоодо зор өзгөрүүлөргө шыктандыруучу инсан. Анын сүйлөгөн сөзү бир саат убакыттан ашпаса да, турмуштун татаал, кээде оор жагдайларында да ийгиликке жетүүнүн кызыктуу мисалдарын камтыды жана тренингдин катышуучуларынын маанайын позитивдүү толкунга көтөрдү.

Аныкталбаган, белгисиздик шарт  дайыма кездешет жана мындай учурду бизнестин, адамдын жана бүткүл өлкөнүн  пайдасы үчүн колдоно билүү керек.  Роза Исаковна өз сөзүндө катышуучулардын көңүлүн  жакшы жашап жана ийгиликтүү иштөө үчүн билим деңгээлин такай жогорулатып туруу, реалдуулукту талдоонун  негизинде  жаңы багыттарды окуп-үйрөнүү зарыл  экендигине бурду.

Бардык кызматкерлерге тренингке активдүү катышкандыктары, жагымдуу, иштиктүү, позитивдүү маанайлары, тренингдеги натыйжалуу жана конструктивдүү иши үчүн ыраазычылык билдиребиз.