«Бай-Түшүм жана Партнерлор» – TIFE 2013 программасынын бриллиант өнөктөшү

01.02.2013

22-январда, Бишкекте “Окуучулар эркин ишкердикте” (TIFE) 2013 аталган мелдешүүсү аяктады, ал «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын финансылык колдоосунун алдында 2012-жылдын ноябрь айында башталган.

TIFE долбоору, жогорку классатардын окуучуларынын ишкердик машыгууларын өнүктүрүүгө багытталган жана 9 жылдан бери Борбордук Азиядагы ENACTUS Америка университетинин (АУЦА) командасы тарабынан иштетилип келе жатат.

“TIFE долбоору – бул, Кыргызстандагы башталгыч ишкерлерди өнүктүрүүгө жана колдоого карата Банктын кошкон дагы бир чоң салымы. «Долбоорго катышуу, таланттуу жана демилгечил окуучуларга өздөрүнүн бизнес-долбоорлорун иштетүү үчүн баа жеткис тажрыйба жана практикалык билим алууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп берди» – деп белгиледи, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын башкы менеджеринин орун басары Нургул Торобаева.

Быйылкы жылы долбоорго 13 мектептин жогорку класстарынын 130 окуучусу катышты. 3 айдын ичинде мектеп командалары бизнестин, экономиканын негиздерин окуп үйрөнүштү жана алар реалдуу, сапаттуу иштетилген жана кирешелүү болушу керек болгон социалдык жана коммерциялык бизнес-долбоорлорду иштеп чыгышты. 22-январда командалар конкурстук негизде өздөрүнүн иштерин компетенттүү жюриге беришти.

TIFE 2013 долбоорунун жеңүүчүсү болуп, окутуунун виртуалдуу мектебин түзүү аркылуу дистанциялык окутууну сунуш кылган, №29-мектептин командасы бир добуштан TIFE 2013 долбоорунун жеңүүчүсү болуп таанылды. Экинчи сыйлык ордунун ээси болуп, окутуу мекемелеринде снек автоматтарын орнотуу долбоору менен №70-мектептин командасы чыкты. Үчүнчү орунду, күйүүчү брикеттерди өндүрүү жана экспорттоо боюнча долбоорун иштеп чыккан, №12-мектеп-гимназиясы алды.

Ошондой эле, айрым командалар атайы номинациялар жана сыйлыктар менен белгиленишти. “Эң жакшы бет ачар (презентация)” номинациясында, клининг компаниясынын долбоору менен №27-мектеп жеңип чыкты. Мелдештин “Эң сонун социалдык-багыттагы долбоору» болуп, балдар үчүн мультипликациялык мектеп тууралуу №24-мектептин долбоору таанылды. “Эң жакшы спикер” болуп, №14-мектептин окуучусу Кубатбек Айдана таанылды. Планшеттик компьютерлерди пайдалануу аркылуу мектеп программасына жаңы технологияларды ишке киргизүү жөнүндөгү №13-мектеп-лицейинин долбоору, “Эң жакшы инновациондук долбоор” номинациясын жеңип алды.