«Бай-Тушум жана Партнерлор» банкы SWIFT системасынын катышуучусу болду

25.03.2013

«Бай-Тушум жана Партнерлор» Банкы ыйгарылган BBTPKG22 коду менен SWIFT эл аралык төлөм системасынын катышуучусу болду. SWIFT системасына банктын кириши, Банктын эл аралык операцияларды өнүктүрүүдөгү алгачкы кадамы болду, бул болсо кардарлардын эл аралык алыш-беришти ылдам жана ишенимдүү жүргүзүүсүн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет жана эл аралык өнөктөштөр менен банк аралык корреспонденттик мамилелердин өнүгүүсү үчүн Банкка кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

 Маалымат үчүн:

S.W.I.F.T. (Society for Worldwide Interbank Financial Telecommunication) – бүткүл дүйнөлүк эл аралык банк аралык финансылык телекоммуникация коомчулугу 1973-жылы Европа жана Түндүк Американын15 өлкөсүнүн ичинен 239 банк менен түзүлгөн. Эл аралык банк аралык тармактын башкы максаты – финансы маалыматтарын ишенимдүү сактоо жана ыкчам берүү. Учурда SWIFT системасына 206 өлкөнүн ичинен 8000ге жакын кредиттик жана финансылык уюмдар, банктар, ири өнөр жай компаниялары катышууда. Эл аралык банк аралык SWIFT системасынын башкы максаты – дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү финансы институттарынын ортосундагы финансылык билдирүүлөргө карата санкцияланбаган кирүү мүмкүнчүлүгүнөн ишенимдүү коргоо.