«Бай Түшүм» банкындагы Спартакиада-2018

06.09.2018

«Бай Түшүм» банкынын 2018 – Спартакиадасы эсте калаарлык, көңүлдүү жана достук маанайында болуп өттү. Бул күндөрү Ыссык-Көлдүн жээги футбол, волейбол, үстөл үстүндөгү теннис жана шахмат боюнча мелдештердин күбөсү  болду. Өлкөбүздүн бардык аймактарынан келишкен биздин кесиптештерибиз өздөрүн эң сонун команда катары көрсөтө алышты!

Бардык мезгилдеги үлгүлүү команда!

Мелдештердин жеңүүчүлөрүн дагы бир жолу куттуктайбыз!

? Талас филиалы –  үстөл үстүндөгү теннис жана футбол боюнча биздин  Чемпион.

? Нарын филиалы – футбол боюнча күмүш байгенин ээси.
? Ош филиалы – үстөл үстүндөгү теннис боюнча күмүш байгенин жана аялдар арасындагы волейбол боюнча күмүш байгенин ээси.

? Бишкек филиалы – футбол боюнча, шахмат жана волейбол боюнча  коло байгенин ээси.
?  Банктын башкы кеңсеси – шахмат боюнча Чемпион жана үстөл үстүндөгү теннис боюнча коло байгенин ээси.

? Каракол филиалы –Спартакиаданын волейбол боюнча аялдар арасындагы Чемпиону жана шахмат боюнча күмүш байгенин ээси.

Азаматтар!  https://www.youtube.com/watch?v=5NyHXJ2YsCU&feature=youtu.be