Банктын кызматкерлери Биринчи Эл аралык RunTheSilkRoad 2017 жарым марафонуна катышышты

20.11.2017

Өткөн жекшемби күнү «Бай Түшүм» Банкынын 19 кызматкери  Банктын Башкармалыгынын Төрагасынын эки орун  басары Курманов Канат Маратбекович жана Джумалиев Мухамед Жигиталыевич менен биргеликте Биринчи Эл аралык RunTheSilkRoad 2017 жарым марафонго катышышты.  Банктын кызматкерлери 3, 10 жана 21 чакырым аралыктагы дистанцияларды жүгүрүп өтүштү. Нурланова Айгүл 3 чакырым аралыкка чуркаган команданын мыктысы аталды. 10 чакырым аралыкты чуркап өтүүгө белсенген жалгыз айым – Карымшакова Айдина болду. Ал эми 10 чакырым аралыкка чуркаган «Бай Түшүм»  командасынан биринчиликке  Кыштообеков Мелис ээ болду.

Кар жааганына карабай, чуркоону жана дени сак жашоону сүйүүчүлөр стартка чыгышып, спорт адамы үчүн аба ырайынын сууктугу кеп эмес экендигин көрсөтүштү. Бул спорттук иш-чара Бишкектеги «Арча-Бешик» жаңы конушунун «Газпром» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо базасынын комплексинде болуп өттү.