«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын финансылык колдоосунун алдында Нарын областынын Кум–Дөбө айылынын ирригациялык системасы оңдоодон өткөрүлдү

02.05.2013

25-апрелде Нарын областынын Кум–Дөбө айылында, Кочкор районунун акиминин, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, айыл-чарба департаментинин кызматкерлериинин жана жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен «Кочкор-Ата» жаңыланган насостук станциясын ишке киргизүү боюнча салтанаттуу аземи болуп өттү..

Суунун көлөмүнүн жетишсиздигинен Кум–Дөбө айылынын жашоочулары жыл сайын жердин 124 га аянтын гана пайдаланып келишкен жана түшүмдүн көпчүлүк бөлүгүн, болжол менен 200 тонна буудай жана арпа жана 600 тонна картошка жоготуп келишкен. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы аны сатып алууга жана орнотуу үчүн 900 миң сом бөлүп берген, кошумча насаостук станция, ошондой эле жаңы лоткалар, 227 га жакын айдоо жерин толук көлөмдө иштетүүгө, жоготуусуз жакшы түшүм алууга, жана аны менен бирге, айылдын 6000ден ашык жашоочуларынын финансылык жактан абалын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

«Насос станцияларын оңдоо, техникалык жана технологиялык жаңыртуу жолу менен айдоо аянттарын суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча долбоорлорду колдоо, Кыргызстандын өсүмдүк өстүрүүчулөрү үчүн абдан чоң мааниси бар. Жумушчу орундардын жетишсиздигинин курч шарттарында, аймактардагы калк үчүн өсүмдүк өстүрүү – иштеп акча табуунун жалгыз ыкмасы. Кум–Дөбө айылында ушул долбоордун иш жүзүнө ашырылышы, ушул айылда жашаган үй-бүлөлөрдүн кирешелерин жогорулатууга жана алардын жашоо-турмуш деңгээлин жогорулатууга алып келет деп биз ишенебиз», – деп белгиледи «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын Башкы менеджери Гульнара Шамшиева

Кум–Дөбө айылынын ирригациялык системасын оңдоо – бул «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы тарабынан, айылда суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу жана реабилитациялоо боюнча социалдык долбоорлорду иш жүзүнө ашыруунун ийгиликтүу мисалдарынын бири. Бүгүнкү күндө Банк жалпы суммасы 3,5 млн-дон ашык сомго Талас, Чүй, Жалал-Абад жана Ош областтарында 6 социалдык долбоорду каржылады жана аларды ийгиликтүү бүткөрдү.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы тууралуу
«Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.