«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын колдоосу боюнча Кызыл-Кошчу айылынын жашоочулары иче турган таза сууга жетишишти

05.04.2013

2013-жылдын 4-апрелинде Ош областынын Кара-Суу районунун Кызыл-Кошчу айылында жаңы суу өткөрүүчү түтүктөрдү ишке киргизүүгө өткөрүү боюнча салтанаттуу аземи боллду

Азыркы учурда Кызыл-Кошчу айылында 580 үй-бүлө же 2 500 адам жашайт. Айылдын Суу өткөрүүчү түтүктөрү 1970-жылы курулган жана 40 жылдан бери иштеп келе жаткан суу менен камсыз кылуу системасы толук бойдон иштен чыккан. Көп жылдардан бери бул айылдын калкы коңшу айылдарга барып суу алууга, ал эми жазында жана күзүндө чарбалык керектөөлөргө жана тамак-аш даярдоо үчүн айылдыктардын саламаттыгына коркунуч жараткан, арыктын суусун колдонууга муктаж болуп келген. Айылдын суу өткөрүүчү түтүктөрүн капиталдык оңдоодон өткөрүү жана айылдын жашоочуларын суу менен камсыз кылуу үчүн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы 1 281 554 (Бир миллион эки жүз сексен бир миң беш жүз элүү төрт) сом бөлүп берген.

«Бүгүнкү күндө айыл жашоочуларын суу менен камсыз кылуу, республиканын масштабында эң башкы проблемалардын бири болуп калууда. 2013-жылы ирригациялык системасын оңдоо жана иче турган таза сууга жетүү боюнча Банк жаңы долбоорлорду пландаштырууда. Ушул сыяктуу ар бир долбоорду ийгиликтүү иш жүзүнө ашыруунун стратегиялык чоң мааниси бар, анткени таза суу боюнча долбоорлорду инвестициялоо менен биз, аймактардагы элдердин саламаттыгына, бакубатчылыгына жана турмушунун сапатын жогорулатуу үчүн инвестициялап жатабыз да» – деп баса белгиледи, «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФ Банкынын Башкы менеджери, Г.Ж. Шамшиева.

Кызыл-Кошчу айылынын жашоочуларынын иче турган таза сууга жетишишине кошулуп, айылдын социалдык объектилери: мектеп, бала-бакча жана фельдшер-акушердик пункту да кошумча жетишкендигин белгилей кетүү керек.

Азыркы учурда объект боюнча баардык иштер бүткөрүлдү, жаңы суу өткөрүүчү түтүктөр Ош областынын Кара-Суу районунун «Жоош» айыл башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы тууралуу

«Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 14-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет. 2012-жылы Банк Талас, Чүй, Жалал-Абад жана Нарын областтарында жалпы суммасы 2 21 млн.дон ашык сомго 5 социалдык долбоорлорду каржылады жана аларды ийгиликтүү бүткөрдү.