«Бай-Түшүм» Банкы Ош шаарында Агро-Экспо «Жибек жолу – 2015» көргөзмө-жарманкесине катышты

27.02.2015

26-28-февраль күндөрү «Бай-Тушум» Банкы Ош шаардык улуттук драмтеатрында өткөрүлгөн Агро-Экспо «Жибек жолу – 2015» Он биринчи Эл аралык көргөзмө-жарманкесине катышты. Көргөзмөнү Кыргызстандагы «Жер Азыгы» агробизнесмендер Ассоциациясы Ош шаардык мериясы менен биргеликте  уюштурушту.

Жарманкенин максаты – Ош шаарындагы чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн бириктирүү жана Кыргызстандын түштүгүндөгү аялдар ишкерчилигинин өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү болду.

Көргөзмө-жарманкеге Кыргызстандын, Орусиянын, Голландиянын, Туркиянын, Италиянын, Франциянын, Ирандын, Түштүк Кореянын айыл чарбасынын ар кандай секторлорунун жана кайрадан иштетүүчү өнөр жайындагы  38ден ашуун компаниялары  жана  КРнын айыл чарба Министрлигинин, агрардык саясат департаментинин, үрөнчүлүк чарбалардын, айыл чарба кооперативдеринин, жана жеке ишкерлердин өкүлдөрү катышышты

Жарманкеде айыл чарба өндүрүшүнүн ар кандай ассортиментти, айыл чарба жабдуулары,айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнү, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоонун химиялык каражаттары жана айыл чарба өндүрүшү  үчүн зарыл болгон башка да көптөгөн товарлар коюлду.

Банктын кызматкерлери көргөзмөгө катышуунун алкагында насыя берүүлөрдүн жана ипотека алуунун, айыл чарба жабдууларын лизингке  алуунун шарттары боюнча, агродолбоорлорду насыялоо жана ошондой эле депозиттерди жайгащтыруунун шарттары боюнча консультацияларды алышты.

Тактама маалымат:

Кыргызстандын Агробизнесмендеринин «Жер Азыгы» Ассоциациясы 2002-жылы түзүлгөн, ал коммерциялык эмес уюм болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасындагы айыл чарба азыктарын өндүрүүчүлөрдүн, айыл чарбасы үчүн өнөр жай каражаттарын даярдоочулардын жана реализаторлордун ишин координациялайт жана аларды бириктирип, кызыкчылыгын көздөйт.