Автоунаа коюп кеткендигинен эки колунан тең ажыраган кичинекей Ширинге, колдору үчүн жаңы протездерди даярдоо талап кылынат

22.09.2011

Жети жаштагы кыз Мадияр кызы Ширин, Талас областынын Бакай-Ата районундагы Маданият айылында 2009-жылдын 20-июлунда болуп өткөн ЖТК натыйжасында майып болуп калган.  «Камаз» автоунаасы коюп кеткендигинин натыйжасында Ширин эки колунан ажырады, баш мээси чайкалып, денесинин аркасы жана жамбаш бөлүгүнүн терисинен ажыраган. Андан кийин кичинекей кызга тери салуу, дененин жогорку бөлүгүн ампутациялоо жана реампутациялоо боюнча бир нече жолу орчундуу операциялар жүргүзүлгөн.2010-жылдын апрель айында демөөрчүлөр тарабынан акча чогултулган, кичинекей кызга Киев шаарында кымбат баалуу операция жасалган. Немец докторлору тарабынан  дененин жогорку бөлүгүнүн протездери тандалып алынып, орнотулган. Бирок, бүгүнкү күнү протезди алмаштыруу керек, себеби Ширин өсүп жатат жана мурда жасалган протездер ага азыр чак келбей калган.

Дененин жогорку бөлүгүнүн жаңы протездерин даярдоо Германияда гана жасалышы мүмкүн. Ал үчүн Шириндин үй-бүлөсүндө  50 000 евро болушу керек. Аны үй-бүлөсүндө да, анын тууган-туушкандарында да андай акча жок. Бирок Ширинди майыптыктан сактап калууга болот жана ал мектепте өзүнүн окуусун улантуу менен бактылуу боло алат деген ишеним бар.

Өз кезегинде, Ширин үчүн операциянын маанилүүлүгүн түшүнүү менен «Бай-Түшүм жана Партнерлор» компаниясы 5 000 евро бөлүп берди. Шириндин чоң энеси Мукадилова Роза Джолдошалиевнанын атына ачылган жеке эсепке акча каражаттарды которуу менен Германиядан кымбат баалуу протездерди Германядан даярдоого карата жардам көрсөтүүнү, Апасы Уметалиева Медина Асизбековна жана  чоң энеси Мукадилова Роза Джолдошалиевнанын атынан Шириндин үй-бүлөсү, кичинекей кыздын трагедиясына көңүл кош карабаган, бардык адамдарга кайрылышат.

Акча которуу үчүн реквизиттер:

«Кыргызстан» Коммерциялык Банкы

ААК ГОПУ

БИК 103001

ө/э 1030120201563305

Мукадилова Роза Джолдошалиевна  – моб. тел.: (550) 94 63 01

Уметалиева Медина Асизбековна  – моб. тел.: (552) 51 41 85