Үйүңүздөн чыкпай туруп, насыяңызды төлөп туруңуз!

08.09.2014

Урматтуу кардарлар,
Мындан ары “Бай Түшүм” Банкынын – Интернет банкинги аркылуу үйүңүздөн чыкпай туруп, насыяңызды төлөп турсаңыз боло тургандыгын кубануу менен билдиребиз!

Интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн операциялар бул: Сиз каалаган убакытта жана кайсы жерде жүрсөңүз да өз эсеп-счетуңуздан төлөмдөрдү жүргүзүүнүн ыңгайлуу, тез жана коопсуз ыкмасы. Бул процедура болгону 2-3 минуталык убакытты гана алат,  тейлөө- акысыз!

Интернет-банкинг тармагына кошулуу үчүн “Бай Түшүм” Банкынын  филиалдарынын бирине кайрылып, өзүңүздүн эсеп-счетуңузду ачып жана ушуга жараша арыз берүү жетиштүү. болот. Тармакка кошулуу жана Интернет-банкинг тармагына кирүүчү логин менен пароль катылган ПИН конвертти берүү акысыз жүргүзүлөт. Интернет-банкинг менен туташтыруу кардарды аутентифицирлөөгө мүмкүнчүлүк түзгөн жана санкциясыз кирүүлөргө жана ар кандай бурмалоолорго жол бербеген SSL технологиясы боюнча жүргүзүлөт.

 Насыяны төлөөнүн күнү төлөм жүргүзүлгөн убакытка байланыштуу болот:

  • Эгерде төлөм 16:00 чейин жүргүзүлсө  – анда ошол күнгө эсептелет
  • Эгерде төлөм 16:00 кийин жүргүзүлсө- анда кийинки күнгө эсептелет
  • Төлөм майрам же эс алуу күндөрү жүргүзүлгөн болсо, анда төлөм майрам/ эс алуу күндөрүнөн кийинки биринчи жумуш күнүнүн эсебине чегерилет.

 Интернет-банкинг  тейлөөсүнө кошулуп, анын ыңгайлуу кызматынан пайдаланыңыз!.

 Бардык суроолор боюнча   (312) 905 805 телефонуна кайрылсаңыз болот.