Бүгүн «Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү» долбоору боюнча Банктын 4 жылдык кызматташуусунун жыйынтыгы чыгарылды

21.11.2017

Бүгүн «Бай Түшүм» Банкынын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Курманов Канат Маратбекович жана бизнести өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлү Джамалова Мубара «Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү» конференциясына катышууда. Иш-чара «Хаятт Ридженси Бишкек» мейманканасында өтүп жатат жана ал «Аялдар ишкерчилигин өнүктүрүү» долбоору боюнча 4 жылдык иштин жыйынтыгын чыгаруусу менен өзгөчөлүү болуп эсептелет. Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилиги алдында жакырчылыкты кыскартуу боюнча Жапон фондунун донордук каражаты менен ишке ашырылып жаткандыгын эсиңиздерге салабыз.       

Конференция бир үстөлдүн тегерегине Экономика министрлигинин, финансы-кредиттик мекемелердин, бизнес-ассоциациялардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана долбоордун алкагында окуулардан өтүшүп, өздөрүнүн бизнес-пландарын ишке ашыруу үчүн каржылоо алышкан ишкер-айымдардын өздөрүн да бириктирди. Ишкер-айымдар экономиканын ар кандай тармагынын: туризм, соода жана тейлөө тармагынан баштап, айыл чарбасынын сүт жана башка азыктарын өндүрүү боюнча өкүлдөрү болуп эсептелишет. Долбоордун алкагында Банк тарабынан депозиттик кошумча бөлүктөрү менен насыялоо, туристтик бизнести насыялоо жана сүттү кайрадан иштетүү боюнча кошумча нарк чынжырчасын каржылоо сыяктуу жаңы продуктулар сыноодон өткөрүлүп, ишке киргизилди. Ушул долбоор боюнча Банктын каржылоосунун жалпы суммасы 22 млн. сомдон ашуун болду.

Конференциянын жүрүшүндө  Долбоордун алкагында окуулардан өтүшүп жана каржылоо алышкан биздин кардарлар – ишкер аялдар КРнын Экономика министрлигинин Ардак грамоталарына ээ болушту. Мындан тышкары Банктын Талас филиалынын менеджери Тажыканов Тилек Акынбекович Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон зор салымы жана аялдар ишкерчилигин өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн КРнын Экономика министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.