Бүгүн Кыргызстандын 7 облусу боюнча 200 бала Ыссык-Көлдөгү «Барчын» балдар ден соолукту чыңдоочу комплексине жөнөп кетишти

17.08.2018

Балдардын эс алуусун «Элим Барсынбы» (Элим барсыңбы? Коомдук кайрымдуулук фонду) уюштурду, ал эми «Бай Түшүм» банкы алтын демөөрчүсү болду.

 Бул демилге жөнүндө Фонддун директору  Хабибулла Арзыкулов айтып берди:

«5 жылдан бери «Элим барсыңбы» коомдук фонду 200 баланы жайкы эс алуу  лагерине жөнөтүп келе жатат. Алар Ыссык-Көлдө 7 күн эс алышат. Быйылкы жылы бул демилгени «Бай Түшүм» банкынын аркасы менен ишке ашырып жатабыз. Балдар бардык жети облус боюнча тандалып алынды. Алар жетим балдар же жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары. Балдардын арасында Ыссык-Көлгө биринчи жолу же балдар лагерине алгачкы ирет бараткан балдар да бар. Алар үчүн бул өзгөчө бактылуу күндөр болуп эсептелет. Биздин көпчүлүгүбүз бала чагыбызда балдардын жайкы лагерлеринде эс алганбыз, биз ал жакта абдан жакшы экендигин билебиз. Балдар үчүн эс алуу өз келечектерин куруу үчүн  абдан керектүү нерсе, эс алуу – шыктануу жана күч-кубат топтоо. Бирок бир жумалык лагер менен эле баары бүтүп калбайт, биз жыл боюу балдар үчүн акысыз курстарды жана тренингдерди үзбөй өткөрүп турабыз. Балдарды келечекке даярдоо үчүн алар менен психологдор иштешет. Биз эмне себептен буларды жасап жатабыз?  Кыргыздарда белгилүү бир түшүнүк бар:  «Балдар – биздин келечегибиз».  Эгерде биз азыртадан балдарыбызды келечекке даярдасак, туура тарбияласак, анда биздин Республикабыздын өнүгүшүнө салым кошо турган лидер балдар өсүп-жетиле тургандыгына биздин үмүтүбүз болот. «Бай Түшүм» банкынын жетекчилигине жана андагы бардык кызматкерлерге өзгөчө ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Ошондой эле банктын башкармалыгынын Төрагасы Максатбек Ишенбаевге да ыраазычылык билдирип, бардык жакшылыктарды жана ийгиликтерди каалап кетким келет!».

Биз  дагы өз кезегибизде ушул ак ниет демилгеси үчүн  «Элим Барсыңбы» фондуна ыраазычылык билдиребиз жана балдарга жакшы эс алып келүүнү, көп-көп жакшы нерселерге үйрөнүп, жаңы досторду табышын каалайбыз.