«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын колдоосу менен Жалал-Абад областында Р.Исманалиев атындагы №33 орто мектебинин ачылышы өттү

26.12.2012

2012-жылдын ноябрь айында Сузак районунун Багыш айылында Р.Исманалиев атындагы №33 орто мектебинин жаңы кошумча окуу корпусунун салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Мектеп «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын каржы жагынан колдоосу менен оңдолгон.

Бир нече сел жүрүүдөн кийин 2012-жылдын жаз айларында мектеп опурталдуу абалда болчу. Тез арада мектептин полдорун жаңыртуу, чатыры менен шыптарды оңдоо жана жылыткычтарды алмаштыруу, мектептин короосун асфальтоо зарыл болгон. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансы банкынын 322 000 сом өлчөмүндөгү демөөрчүлүк жардамы менен бардык курулуш иштери жасалып бүткөн жана мектептин эшиги бүгүнкү күндө өзүнүн окуучулары үчүн кайрадан ачык.

Мектеп окуучуларынын, анын мугалимдери менен ата-энелер комитетинин атынан мектептин директору Абдыраманов Койчуман Тешекулович, окуу жайына абдан зарыл болуп турган оңдоо иштерин жүргүзүп, кадимки жана коопсуз шарттарда билим алууга мүмкүнчүлүк түзүп бергендиги үчүн «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкына ыраазычылык билдирди. Калктын жашоо деңгээли менен сапатын көтөрүүгө, ошондой эле Кыргызстандагы айылдар менен шаарлардын социалдык инфраструктураларын жакшыртууга көмөк көрсөтүүдө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкынын Кайрымдуулук ишмердүүлүгү менен социалдык багыттагы долбоорлору – калган коммерциялык компаниялар үчүн эң сонун мисал болот.

Өз кезегинде мектеп окуучулары демөөрчүлөр менен конокторду өздөрүнүн концерти: бийлери, патриоттук ырларды ырдоо жана көркөм окуулары менен кубаныч тартуулашты.

Салтанатуу иш-чарага Сузак районунун акими Нурболот Мирзахмедов, социалдык маселелер боюнча област губернаторунун орун басары Жумагүл Эгембердиева, райондук кенештин депутаттары, элдик билим берүүнүн райондук бөлүмүнүн жетекчилери, жергиликтүү теле көрсөтүү менен коммерциялык түзүмдөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышты.