«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы Small Business Banking Networkнын мүчөсү болду

31.05.2013

Small Business Banking Network (SBBN) – бул глобалдуу индустриалдык тор, анын максаты, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө чакан жана орто бизнести колдоо үчүн финансылык мекемелердин потенциалын, компетенттүүлүгүн жана ага даярдыгын кеңейтүү болуп саналат.

SBBNнын курамына 59 ири финансылык институттар: банктар, банктык эмес насыялык жана финансылык институттар, ошондой эле микрофинансылык уюмдар кирет. SBBNнын өнөктөш-мүчөлөрүнө чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө түздөн-түз катышуусу бар болгон айрым областтарда сапаттуу дистанциялык колдоону, консультациялык кызматтарды көрсөтөт. Мындан тышкары, ушул глобалдуу тордун катышуучулары чакан жана орто бизнести өнүктүрүү чөйрөсүндөгү тажрыйбаларга жана окуу материалдарына жете алышат.

Ошентип, SBBN төмөнкүлөргө:

  • стратегиялык жана консультациялык кызматтарды көрсөтө турган аймактык эксперттерге,
  • тордун өнөктөш-мүчөлөрүнүн арасында мыкты тажрыйбаларды жайылтууга,
  • тордун өнөктөш-мүчөлөрүнүн арасында изилдөөлөрдү жайылтуу жана тажрыйба алмашууга таянуу менен финансылык мекемелерге стратегиялардын жана куралдардын уникалдуу айкалышын сунуштайт.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы жөнүндө

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы ACDI/VOCA өнүгүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 13 жылдан бери иштеген уюм, 112 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен болгон Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык институттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.