«Бай Түшүм» Банкы өзүнүн бардык офистеринде 1-3-декабрь күндөрүндө өтүүчү «Топтоолук күндөрүнө» бардык каалоочуларды  чакырат

01.12.2015

«Бай Түшүм» Банкы бүткүл дүйнөлүк топтоолук күнүнө активдүү катышуу менен, жалпы Кыргызстан боюнча калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүү максатында топтоолук күндөрүн жасалгалуу акциялар жана компаниялар менен улантты.

«Банк калктын финансылык сабаттуулугун көтөрүүгө арналган ар кандай иш-чараларды ар дайым активдүү колдоого алып келет. Бул багыттагы жүргүзүлгөн иш-аракеттер биздин жарандарыбыздын акча каражатына жасаган мамилесин жакшы жагына өзгөртүүгө жардам берет жана финансылык өз алдынчалыкка жана коопсуздукка жетүүгө өбөлгө түзмөкчү»,- деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Бул күндөрү Банктын кызматкерлери кардарларга үй-бүлөлүк бюджетти пландаштыруу боюнча, күтүлбөгөн кырдаалдар фонду, акча топтоону калыптандыруунун ыкмалары жөнүндө кеп-кеңештерин беришет. Мындан тышкары Банк 17,5 пайызга чейинки пайдалуу пайыздык ставкасы менен «Мааракелик» жана үстөк пайыздары аманатты жайгаштыраар замат төлөнө турган «Көз ирмемдеги киреше» аманаттарын 31-декабрга чейин гана сунуш кылат.

Бул күндөрү кардарларды жагымдуу белектер күтөт, ал эми кичинекей коноктордун көңүлүн кадимки Шрек менен Фиона, миньон көтөрөт.