“Бай Түшүм” банкы сактоолуктун Бүткүл дүйнөлүк күнүн өткөрөт

28.10.2015

Кыргызстанда 31-октябрда сактоолуктун Бүткүл дүйнөлүк күнү болуп өтөт. Сактоолуктун Бүткүл дүйнөлүк күнү 1924-жылдын 31-октябрында негизделген. Ондогон жылдардын аралыгында, үнөмдөөнү алга жылдырууда, бул күн эсте калаарлык акциялары жана кампаниялары менен ар жыл сайын өтүүчү жакшы салтка айланып калды.

Майрамдын алдында “Бай Түшүм” банкы Германиянын эл аралык кызматташуусу боюнча сактоо кассаларынын Фондусу менен биргеликте 28-30-октябрь күндөрү Бишкек филиалынын Борбордук офисинде- Абдрахманов көчөсү, 119 дареги боюнча (Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилиши) финансылык сабаттуулук күндөрүн өткөрөт.

Кыргыз Республикасында бул кампаниянын өткөрүлүшүн Улуттук банк жетектейт. Калктын финансылык сабаттуулугунун маанилүүлүгүн түшүнүү жана бул багыттагы топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен, “Бай Түшүм” банкы кампанияны ишке ашырууда анын активдүү катышуучу банктардын бири болду.

“Бай Түшүм” банкы экономикалык билим берүүнүн аспекттерин жана калктын ишкерчилик ыкмаларын өнүктүрүүнү камтыган долбоорлорду жана иш-чараларды активдүү колдоп келет. Бул багытта жүргүзүлгөн иштер биздин жарандарыбыздын акча каражатына болгон мамилесин өзгөртүүгө жардам берип жана финансылык өз алдынчалыкты жана материалдык коопсуздукту жогорулатууга өбөлгө болмокчу, – деп белгиледи «Бай-Түшүм» банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Бул күндөрү банктын кызматкерлери үй-бүлөлүк бюджетти пландоо боюнча, сактоолукту уюштуруу, карыз алса да аны билгичтик менен алуу тууралуу кардарларга кеп-кеңештерин беришет.

Мындан тышкары Банк кардарларга пайыздык кирешеси көз ирмемде- аманатты жайгаштыраар замат төлөнүүчү, жылдык 17,5% пайдалуу пайыздык ставкасы менен «Мааракелик» аманаттарын 31-декабрга чейин гана сунуш кылат.

Кардарларды  жагымдуу белектер күтөт, ал эми кичинекей коноктордун көңүлүн миньон өзүнө бурмакчы.