«Бай Түшүм” Банкы айлык маяна долбоорлору боюнча ишканаларды, фирмаларды жана компанияларды кызматташууга чакырат

30.06.2014

«Бай-Түшүм» Банкы өз кардарларына айлык маяна төлөө процессин максималдуу жөнөкөйлөштүрүү менен уюм жана анын кызматкерлери үчүн сезилээрлик пайдасы бар айлык маяна долбоорлорун сунуш кылат.

«Бай-Түшүм» Банкынан эмгек акы долбоорунун уюмдар үчүн артыкчылыктары:

  • Пайдалуу тарифтер
  • накталай акча каражаттарды сактоого жана ташууга, инкассацияга карата чыгашаларды жүргүзүүгө карата каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен персоналга эмгек акыны берүүгө байланышкан чыгашаларды төмөндөтүү;
  • уюмдун бухгалтериялык жана кассалык кызматынын жүгүн төмөндөтүү,
  • уюмдун кеңсесине банкоматтарды орнотуу мүмкүндүгү;
  • карт эсептерге каражаттарды минималдуу мөөнөттөрдө которуу;
  • кызматкерлердин эмгек акыларына карата купуялыкты камсыз кылуу.

«Элкарт» карталарын кармоочулар Банктын төмөнкү кызматтары менен колдоно алышат:

  • Кыргызстандын соода-сатык сервистик түйүндөрүндө товарлардын жана тейлөө кызматтардын акысын төлөө;
  • Банкоматтардан жана накталай акчаларды берүүчү пункттардан накталай акча алуу;
  • Коммуналдык кызматтардын акысын, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн: банкоматтарды жана POS-терминалдарды колдонуу менен мобилдик операторлордун, Интернет-провайдерлердин, ТВ жана башкалардын төлөмдөрүн төлөө;
  • Банкоматтар жана POS-терминалдар аркылуу картадан картага акча которууларды жүргүзүүгө.
  • Эмгек акыны жана башка келип түшө турган акчаларды алууда картаны колдонуу.

Бюджет мекемелер үчүн айлык долбоор тарифтери

Коммерциялык мекемелер үчүн айлык долбоор тарифтери

«Бай-Тушум» Банкынын банкоматтары