«Бай Түшүм» Банкы жашылча жана жемиштерди кайрадан иштетүү боюнча кошумча нарк тизмегин финансылоо маселелерине арналган тегерек үстөл маектешүүсүн өткөрдү

10.02.2016

10-февралда «Бай-Түшүм» банкынын башкы офисинде «Кошумча нарк тизмегинин операторлорун финансылоо: Фермерлер-Кайрадан иштетүүчүлөр-Соода компаниясы-Дүкөн» темасына арналган тегерек үстөл маектешүүсү болуп өттү.

Бул маектешүүгө кайрадан иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү, «Вкус солнца» соода үйүнүн, «Фрунзе», «У дома» соода тармактарынын жана эл аралык «АВЕП», Хелветас коомдук фонддорунун, «TES Centre» жана USAIDдин Агрогоризонт коомдук фонддорунун өкүлдөрү катышышты.

Тегерек үстөл маектешүүсүнүн башкы темасы – нарк тизмегин андан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу жана фермерлердин, кайрадан иштетүүчүлөрдүн, соода жайларынын жана банктын ортосунда туруктуу байланышты калыптандыруу болду. «Бай Түшүм» Банкы чогулгандардын назарына келишимдик негиздеги финансылоонун концепциясын алып чыкты. Тегерек үстөл маектешүүсүндө фермерлерди агротехника маселелери боюнча окутуунун зарылдыгы тууралуу маанилүү маселе көтөрүлдү, агротехникалык эрежелер так сакталган учурда фермерлер өндүрүп жаткан азыктарынын түшүмдүүлүгүн  жана анын сапатын алда канча жогорулатууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

Бардык катышуучулар акыркы жылдарда кошуна өлкөлөрдөн жашылча жана жемиш азыктарына  болгон тапшырыктардын көлөмүнүн азайгандыгына жана ички рынокто ага болгон талаптын аздыгына байланыштуу жашылча-жемиштерди өндүрүүнүн көлөмү алда-канча азайгандыгын белгилешти. Ушуга байланыштуу кайрадан иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү Кыргызстандын калкын өз өлкөбүздө өндүрүлгөн азыктарды көбүрөөк алууга шыктандыра турган «Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдойбуз» сыяктуу улуттук кампанияны ишке ашырууга тийиш экендигин белгилешти. Бул өз кезегинде өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшүнө түрткү берүүчү ишканалардагы жумушчу орундардын көбөйүшүнө шарт түзмөкчү.

«Бай-Түшүм» Банкы экономикалык абалдын бүгүнкү шартында Кыргыз Республикасынын аймагында азык-түлүк өндүрүүчү ишканаларды финансылоону өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн жакшы түшүнөт. 2015-жылдан баштап ар кандай нарктык тизмекти сынамык финансылоону жүргүзүп келүүдө. Өткөн жылы ААК «Кайыңды-Кант» заводу менен кызматташуунун алкагында ишке ашырууга мүмкүн болгон Чүй облусундагы кызылча өстүрүүнү финансылоо тизмеги ийгиликтүү долбоор болду.  Мындан тышкары «Бай Түшүм» Банкы ушул жылдын февраль айында USAIDдин Агро Горизонт долбоору менен биргеликте  Жалал-Абад жана Ош облустарындагы жүгөрү өстүрүшкөн фермер-дыйкандарга үстөк пайызсыз насыяларды берүүнү ишке ашыра баштады.