«Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК Нарын шаарынын рынокторунда жакында болуп өткөн өрттөн жапа чеккен насыя алуучуларга насыяларды реструктуризациялоо тууралуу чечимин кабыл алды

29.07.2011

«Береке» жана «Мукаш-Ата» рынокторунда болуп өткөн өрттөн кийин «Бай-Түшүм жана Партнерлор» МФК ЖАК  жапа чеккен насыя алуучулардын финансылык абалын кылдат изилдөө боюнча иштерди жүргүздү.  Тамак-аш продуктыларын, жашылчаларды, эт, сүт жана башка товарлар менен соода жүргүзгөн, Компаниянын 18 насыя алуучулары рыноктордогу өрттөн жапа чеккен кардарлар 1,5 млн. сомго жакын суммадан зыян тартышкан.Ар бир кардардын абалын кылдат изилдеп чыгып Компаниянын Жетекчилиги ошол насыяларга карата жекече ыкманы колдонуу, анын ичинде: төлөп берүүнүн графиктерин өзгөртүү, жапа чеккен насыя алуучуларга берилген насыялар боюнча пайыздык чендерин төмөндөтүү, ошондой эле бизнесин калыбына келтирүүгө карата жеңилдетилген насыяларды берүү тууралуу чечимин кабыл алды.

«Береке» жана «Мукаш-Ата» рынокторунда 5-июлда саат 22.50 өрт болгондугун эскерте кетели. Өрттө 1 миң 395 м² аянт территориясы өрттөнгөн. Өрттүн натыйжасында рыноктор толугу менен күйүп кеткен, алардын тегерегинде жайгашкан 15 коммерциялык ларектор жана аптекалар да жарым жартылай күйүп кеткен.