XXIII Кышкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык Оюндар учурунда VISA картасын пайдалануу боюнча сунуштамалар

02.02.2018

2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин Корея Республикасынын Пхёнчхан шаарында өтө турган XXIII Кышкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык Оюндардын алдында, Сиздин VISA картаңыздан санкцияланбаган эсептен чыгаруулардан жана башка алдамчылык иш-аракеттерден сактануу максатында коопсуздук чараларын эске алуунун зарылчылыгын эскертебиз.

ЖАК «Бай Түшүм» Банкы, Оюндарга барган учурда картаны пайдаланууда  төмөндөгү коопсуздук чараларын сактоону сунуш кылат:

  1. Банк картаңыз боюнча шектүү операциялар болгон учурда өз убагында байланышка чыгуу үчүн Оюндарга кетээрдин алдында байланыш даректериңизди калтырып кетүүңүздү сунуштайт.
  2. Банк картадагы акча каражатынын жетишсиздигине байланыштуу чыгуучу жагдайлардан сактануу максатында алдын-ала даярданууну жана зарыл боло турган бюджетти эсептеп чыгууну жана эсепте көп суммадагы акча каражаты болгон учурда Банкка келип, мерчемделген бюджеттен көп болбогон суммага эсеп боюнча чектөө (лимит) коюу жөнүндө арыз жазууну сунуштайт.
  3. Банк Сизге картаңызды пин-кодуңуз менен бирге кармабоо керектигин каттуу эскертет. Ушул учурда гана, кокус картаңызды жоготуп же уурдатып жиберген болсоңуз, Сиздин картаңыздан акчаны чыгарып алуу мүмкүн болбойт.
  4. Эгерде Сиздин картаңыз жоголуп же уурдалып кеткен учурда, бул маалыматты VISA картасын кармоочулардын Кардарларды Глобалдуу Колдоо кызматына (00798-11-908-8212) номуру боюнча чалыңыздар, чалуу 24/7 тартибинде Түштүк Кореянын өзүндө жеткиликтүү болот.
  5. Түштүк Кореянын кээ бир банктары VISA карталарын тейлөөгө албагандыгына байланыштуу, Түштүк Кореянын банктарынын банкоматтарынан акча каражатын чыгарып алууда VISA же PLUS логотибинин бар экендигине көңүл буруу зарыл. VISA же Plus тармагындагы банкоматтар олимпиадалык обьектилерде, стадиондордо жана башка туристтик аянтчаларда орнотулат.
  6. Банк VISA картасы менен төлөөгө мүмкүнчүлүк жоктугуна байланыштуу жагымсыз жагдайларга туш болбош үчүн, накталай акча каражатынын көп эмес, накталай корун жергиликтүү валютада – Кореялык Вон менен ала жүрүүнү сунуш кылат.
  7. Сиздин VISA картаңызды колдонуу менен ар кандай шектүү иштер жүргүзүлгөндүгүн байкаган учурда ошол замат билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн, чет жакта жүргөн убакыт аралыгында карта аркылуу операциялар боюнча «e-mail ар тарапка жиберүү кызматын» жүктөп алууну Банк сиздерге сунуш кылат, бул кызмат – акысыз.
  8. Банк ТСП боюнча чыгарып алууларга жана сатып алууларга суткалык чектөөлөр бар экендигин Сиздердин эсиңиздерге салат. Эгерде Сиз чыгымдоо бюджетиңизди бекитилген чектөөлөрдөн көбүрөөк мерчемдеп алсаңыз, анда чектөөлөрдүн өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө арыз менен кайрылууну Банк Сизге сунуш кылат.