“Бай-Түшүм” Банкы аманаттар боюнча пайыздарды жогорулатты

12.01.2016

Урматтуу кардарлар!

«Бай Түшүм» Банкы жеке жактар үчүн депозиттер боюнча пайыздык үстөктөрдү/ставкаларды 17,5%га чейин жогорулаткандыгы жөнүндө биз кубануу менен билдиребиз. Банк сиздер үчүн сактоолуктун ишенимдүү ыкмасы жана чегерилүүчү пайыздар түрүндөгү кошумча киреше боло турган алда канча пайдалуу аманаттарды сунуш кылат.

«Бай-Түшүм» аманаттары ыңгайлуу мөөнөттөрү, жакшы шарттары жана пайдалуу пайыздык үстөктөрү менен айырмаланып турат.

«Бай Түшүм» аманаты – акча каражатын сактап жана көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган, жылдык 17,5%га чейин пайыздык үстөк/ставка кошула турган атайын аманат. Бул аманат болжолдонгон сатып алуулар үчүн акча каражатын сактап жана муну менен кошо кошумча киреше да табууга боло тургандыгы менен ыңгайлуу.

«Өсүп жетил» балдар аманаты – «Өсүп жетил» аманатын каттоо менен Сиз балаңыздын балакатка жеткен убагында материалдык жетишкендикти камсыздоо менен, анын  келечеги жөнүндө бүгүнтөн баштап кам көрүүгө мүмкүнчүлүк аласыз.

 «Эксклюзив» аманаты – алдыда турган ири сатып алуулар үчүн акча каражатын сактоого жана топтоого ыңгайлуу. Аманаттын ийкемдүү шарттары пайыздар түрүндөгү табылган кирешени жоготпостон туруп, акча каражатынын бир бөлүгүн алууга мүмкүнчүлүк берет.

«Сиздин капитал» аманаты– чегерилген пайыздарды ай сайын капитализациялоо менен максималдуу киреше алууга шарт түзгөндүгү менен айырмаланып турат.  Аманат боюнча пайыздар ай сайын чегерилип жана аманаттын негизги суммасына кошулуп турат жана ушунусу менен  кирешенин жыйынтык суммасын көбөйтөт.

Банк бизнестин өкүлдөрү үчүн ишкерлерге бош акча каражатын пайдалуу шарттарда жайгаштыра турган жана андан тышкары инфляциялык тобокелдиктерди болушунча азайта турган атайын депозиттик программаны иштеп чыкты. Депозитти жайгаштыруу ийкемдүү финансылык курал болуп саналат, муну пайдалануу менен ишкер өзүнүн ишмерчилигин алда канча өнүктүрө алат.   

«Топтоолук» («Накопительный») депозити акча каражатын  топтоп жана көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүүчү атайын аманаты. Аманаттын негизги өзгөчөлүгү- аны толуктап туруунун мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Аманаттын суммасы көбөйгөн сайын Сиздин кирешеңиз да көбөйүп отурат.

«Мөөнөттүү» («Срочный») депозити – ай сайын киреше алып туруу мүмкүнчүлүгү аманаттын өзгөчөлүгү болуп саналат. Бул аманат болжолдонгон сатып алуулар максаты менен акча каражатын топтоону каалагандар үчүн ыңгайлуу, мындан тышкары кошумча киреше да алууга болот.

Кеңири маалыматты  алуу үчүн (312) 905 805 телефонуна чалыңыздар, же биздин сайттан онлайн адистерине суроо берсеңиздер болот www.baitushum.kg