Компания Кива долбоорунун Активдүү фазасына өттү

09.11.2011

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» 2011-жылдын 1-ноябрынан тартып Кива долбоорунун Активдүү фазасына өттү жана социалдык-багыттагы жана динамикалуу өнүгүп жаткан Компаниянын статусун тастыктоо менен Фонддун толук укуктуу өнөктөшү болуп калды. Каржылоого өтүү, бул, сөзсүз түрдө, аймактардагы коомчулуктарды туруктуу түрдө өнүктүрүүдө жана кардарлардын турмушунун сапатын жакшыртууда салымын кошуу менен келечекте узак мөөнөттүү социалдык демилгелерди ишке ашырууга Компанияга мүмкүндүк берет.Мындай окуя, Компаниянын кызматкерлеринин бирдиктүү жөнгө салынган иштерине, алардын инновацияларды ишке киргизүүгө карата жооптуу мамилесине жана Компаниянын социалдык жоопкерчиликтерин иштетүүгө салымын кошууга багытталгандыгына жараша мүмкүн болду. Кива долбоору боюнча Компаниянын насыялык портфели бүгүнкү күндө АКШнын 740 миң долл. суммасындагы көрсөткүчкө жетти.  Кардарлардын саны 450 адамды түзөт, алардын ичинен 68% аялдар.

Кива долбоору бүткүл дүйнө жүзү боюнча социалдык жактан алсыз калкты насыялоо жана кедейликтен арылуу боюнча глобалдуу иш-аракеттерине салымын кошуу максатында элдерди бириктирген Микрофинансылык уюмдар менен кызматташа тургандыгын эскерте кетели. «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Компаниясы биринчилерден болуп ушундай дүйнөлүк коомчулукка кошулган, Кыргыз Республикасындагы  биринчи микрофинансылык уюм.